Жалал-Абад: Тургундар каражат чогултуп дарт аныктоочу аппарат сатып алышты

Сүрөт: Turmush

Жалал-Абад шаарындагы Жеңиш кичи районунун тургундары каражат чогултуп, дарт аныктоочу аппарат сатып алышты. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, №8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда буга чейин аталган аппарат болгон эмес. Мындан улам тургундар башка аймактагы ооруканаларга барууга аргасыз болушкан.

«Жеңиш кичи районунун жашоочуларынын демилгеси менен атайын анализдерди аныктоочу лаборатория ишке кирди. Буга чейин биздин дарыгерлер тобунда мындай аппарат жоктугунан улам бейтаптар башка бейтапканаларга барып, кезек күтүп, убактыларын кетиришчү. Кандан, заарадан анализ алчу аппаратты жашоочулар өздөрү 100 миң сом каражат чогултуп, сатып беришти. Ушул тапта аппарат орнотулуп, иштеп жатат», — деп билдирди башкы дарыгер Азамат Набижанов.

Үстүбүздөгү жылдын башында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарынын тургуну Нурлан Сейиткулов жергиликтүү бейтапкананын имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жанына кошумча имарат куруп берген.

Сейиткулов шаардагы №9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын 5,5 миллион сомго оңдоп, жаңы эмеректерди алып берген. Ал бул саамалыкты 35 жашында оорудан каза болгон апасынын жаркын элесине арнаган.

Ал эми 2021-жылдын июль айында Ош облусунун Алай районунда үй-бүлө атасынын жылдык ашын берүүнүн ордуна айылга ФАП куруп берген.

Алар курулушту баштан-аяк өз каражатына бүткөрүшкөн. Анда айылдын имамы «мындай саамалыктар ысырапкорчулуктун алдын аларын жана элге пайдасы тийсе маркумга сообу жетерин» белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абаддын тургуну өз каражатына бейтапкананы оңдоп, кошумча корпус куруп берди

Алайда үй-бүлө атасынын жылдык ашын берүүнүн ордуна айылга ФАП куруп берди