Маданият министрлиги «Азаттыктын» каттоо документтерин текшерүүгө алды

Сүрөт: Гүлжан Турдубаева/Азаттык

Маданият министрлигинин адистери 27-октябрда «Азаттыктын» Бишкектеги кеңсесине келип, медианын каттоо тууралуу документтерин текшерүүгө алышты.

«Азаттыктан» билдиришкендей, министрликтин кызматкерлери каттоо тууралуу документтерди толугу менен текшерип, көчүрмөлөрүн алып кетишкен.

«Мындан тышкары 28-сентябрдан 28-октябрга чейинки "Азаттык Медиа" тарабынан даярдалган бардык ТВ жана радио материалдарды көчүрүп берүүбүздү талап кылды», — деп билдирди мекеменин жетекчиси Айзада Касмалиева.

Ал эми министрликтен мунун «Азаттыктын» сайтын бөгөттөө чечимине «байланышы жок экенин, мындай текшерүү башка ЖМКларда да жүргүзүлүп жатканын» билдиришти.

«Бул текшерүү биздин министрлик тарабынан "Радио жана теле берүү" жөнүндө мыйзамдын алкагында жыл сайын жүргүзүлүп келген иш-чаралардын негизинде болуп жатат. Анын "Азаттыктын" сайтын бөгөттөө чечимине тиешеси жок. Буга чейин мындай текшерүүлөрдүн негизинде "Любимый", "Семейный" жана башка бир катар телеканалдардын эфирлери токтотулуп, 5-каналга эскертүү берилген», — деди басма сөз катчы Салкын Сарногоева.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөгөн.

Министрликтин буга аталган медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгонун айтышкан.

Ошол эле учурда «Азаттыктан» айыптоону четке кагышып, «эркин медианы куугунтуктоо кыргыз демократиясына көлөкө түшүрөт» деп билдиришкен.

ЖМКга басым күчөгөнүнө байланыштуу Кыргызстандын журналисттери 28-октябрда тилектештик акциясын өткөрүштү. Ага ылайык, саат 9:00дөн 12:00гө чейин ММКлар материалдарды чыгарган жок. Мындан сырткары бир күн бою маморгандардын пресс-релиздерин жарыялоодон баш тартышты.

Ошондой эле Кыргызстандагы көз карандысыз ЖМКлардын редакторлору жана негиздөөчүлөрү акыркы убакта сөз эркиндигине жана массалык маалымат каражаттарына басым күчөгөнүн белгилеп, президент Садыр Жапаровго кайрылышты.

Алар өлкө башчысына анын басма сөз кызматысыз жолугушуу өткөрүүнү сунуштап, бир катар талаптарды коюшту.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сөз эркиндигине басым күчөдү. Кыргызстандагы ЖМКлардын өкүлдөрү президентке кайрылышты