Депутат Бекешев: «Азаттыктын» эсебин бөгөттөө инвестициялык климатка терс таасир этет

«Азаттык» радиосунун банктык эсебинин бөгөттөлүшү өлөнүн инвестициялык климатка терс таасир этет. Бул тууралуу парламент жыйынында депутат Дастан Бекешев айтты.

«Мыйзамда бөгөттөөнүн 3 гана себеби бар: салык карызы; акчанын изин жашыруу, терроризмди жана экстремизмди каржылоо жана соттун чечими. Банктык мыйзамды бузбоо керек. Бул жаман көрүнүш, анткени буга тышкы инвесторлор менен ишкерлер көз салып турушат. Анан аларда ушундай жол менен каалаган банктык эсепти жаба берсе болобу деген ой жаралат. Бул бак сектору үчүн жаман көрүнүш. Бүгүн “Азаттык”, андан ары инвесторлорбу?» — деп нааразы болду депутат.

31-октябрда «Демирбанк» коммерциялык банкы УКМКнын талабы менен «Азаттыктын» эсебин бөгөттөгөнү белгилүү болгон. «Азаттыктын» өзүнөн эсептин бөгөттөлгөнү тууралуу банктын өкүлү менен болгон телефондук сүйлөшүүдө билингенин айтышкан. Басылма азырынча DemirBank’тан расмий билдирүү ала элек.

УКМКдан басылмага «Азаттык Медианын» эсебине жеткиликтүүлүк бөгөттөлгөнү тууралуу маалыматты тактап көрүү керектигин айтып, кат түрүндө жооп берүүнү убада кылышкан.

«Азаттыкты» бөгөттөө

«Азаттык» үналгысынын сайты 26-октябрда эки айга бөгөттөлгөн. Мындай чечимди Маданият министрлиги кабыл алган.

Буга аталган медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгону айтылган. Сайт «Так эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндөгү» мыйзамына ылайык бөгөттөлгөн. Аталган мыйзам фейктер тууралуу мыйзамы катары белгилүү.

Ведомстводон «Азаттыктын» сайтын бөгөттөөгө «Учурдагы убакыт» («Азаттык» үналгысына караштуу түзүм) телеканалынын «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш» аттуу видеоматериалы себеп болгонун билдиришкен.

Маданият министрлиги сюжетте «кастык тилинин элементтери, Кыргызстан тараптын Тажикстанга кол салуусу деген тариздеги такталбаган маалымат, Баткен облусундагы окуяларды чагылдырууда коомдогу кырдаалды курчутуп, жарандардын ортосунда кастыкты, дискриминацияны жана бөлүнүүнү пайда кылган маалыматтар колдонулган» деп эсептешет.

«Азаттыктын» өзүнөн Маданият министрлиги айтып жаткан материалды талдап чыгышканын жана андан «стандарттардын бузулганын аныкталбаганын» билдиришкен.

Буга чейин АКШнын Мамдепартаментинин расмий өкүлү Нед Прайс «АКШ “Азаттыктын” сайтынын эки айга бөгөттөлүшүнө, көз карандысыз маалымат каражаттарына жана жарандык коомго кысым күчөгөнүнө тынчсызданып жатканын» айткан.

Ошондой эле эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму басылманын сайты бөгөттөлүшүнө комментарий берип, кыргыз бийлиги жакында эле сөз эркиндиги менен жарандык коомго урулган соккунун шартында ЖМКны көзөмөлдөө жана цензурага алуу боюнча чараларын күчөттү деп билдирген.Ал эми Журналисттерди коргоо эл аралык комитети кыргыз бийлигин «“Азаттыктын” сайтына коюлган бөгөттөөнү тез арада алууну жана сайтты бөгөттөө чечимин кабыл алууга негиз болгон “Анык эмес (жалган) маалымат (фейктер жөнүндөгү)” мыйзамды жокко чыгаруну талап кылган.

Тема боюнча: Медиаэксперттер: Бийлик «Азаттыктан» кийин калган көз карандысыз медиаларга киришет

Кемпир-Абад үчүнбү же Баткенби? Бийлик «Азаттыкты» эмне себептен бөгөттөдү