«Сорос-Кыргызстан» фонду: Учурда чабуулдарга каршы туруу үчүн медиалардын тилектештиги маанилүү

«Сорос-Кыргызстан» фонду Журналисттерге каршы кылмыштар үчүн жазасыз калууну токтотуунун эл аралык күнүнө карата билдирүү жасады.

Кайрылууда фонд «акыркы убакта сөз эркиндигине карата көбөйүп жаткан басымга» тынчсызданып жатканы айтылат.

«Жазасыз калуу коркунучту пайда кылып, коомчулукка терс таасирин тийгизип, демократияга каршы цензуралардын уланышына жол ачат [...] Учурда журналисттерди колдоо жана чабуулдарга каршы туруу үчүн медианын тилектештиги абдан маанилүү», — деп белгиленет кайрылууда.

Кыргызстанда акыркы учурларда бийликтин ЖМКга карата басымынын жаңы толкуну байкалып жатат.

Алсак, 26-октябрда Маданият министрлиги «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөнү чечкен. Буга аталган медиа 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыялаганы» себеп болду дешкен. Сайт «Так эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндөгү» мыйзамына ылайык бөгөттөлгөн. Аталган мыйзам фейктер тууралуу мыйзамы катары дагы белгилүү.

Кийинчерээк 31-октябрда «Демирбанк» коммерциялык банкы УКМКнын талабы жана соттун чечимисиз «Азаттыктын» эсебин бөгөттөгөнү белгилүү болгон.

Эркин Европа/Азаттык радиосунун президенти Жейми Флай «кыргыз бийлигинин мындай эскалациясы Кыргызстандын мыйзамдарын бузуп жаткандай көрүнөт» жана уюм «Азаттыктын» журналисттеринин оозун жабуу аракетине каршы күрөшөрүн билдирген.

Ошондой эле эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму басылманын сайты бөгөттөлүшүнө комментарий берип, кыргыз бийлиги жакында эле сөз эркиндиги менен жарандык коомго урулган соккунун шартында ЖМКны көзөмөлдөө жана цензурага алуу боюнча чараларын күчөттү деп билдирген. Ал эми Журналисттерди коргоо эл аралык уюму кыргыз бийлигин « “Азаттыктын” сайтына коюлган бөгөттөөнү тез арада алууну жана сайтты бөгөттөө чечимин кабыл алууга негиз болгон “Анык эмес (жалган) маалымат (фейктер жөнүндөгү)” мыйзамды жокко чыгаруну талап кылган.

Анткен менен бийлик өлкөдө сөз эркиндигине эч кандай басым-кысым жок деп ишендиришүүдө.

«Кыргызстанда сөз эркиндиги болгон, азыр да бар жана келечекте да болот. Бирок сөз эркиндиги ар дайым жоопкерчилик түшүнүгү менен ажырагыс байланышта экенин эстен чыгарбоо зарыл. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эркин медианын ишине эч кандай чектөө коюлган жок. Болгону [...] — мыйзамды кынтыксыз аткаруу талабы гана коюлуп жатат», — деп билдирген 28-октябрда президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев.

2022-жылдын май айында маалымат эркиндигин коргогон «Чек арасыз репортёрлор» («Репортеры без границ») уюму «басма сөз эркиндиги» боюнча дүйнөлүк ар жылдык рейтингин жарыялаган. Кыргызстан ал рейтингде 180 өлкөнүн ичинен 72 орунду ээлеген. Баяндамада өлкө 2021-жылы 79-орунда болгону жазылган. Ошол эле учурда, уюмдан [рейтингди түзүүдө] ыкмалар өзгөргөнүн жана «2021-жыл менен 2022-жылдагы позицияларды салыштырууда кылдат болуу керектигин» белгилешкен.