Кемпир-Абад чуусу: Абактагы Нурлан Асанбеков ачкачылык жарыялады

Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча кармалгандардын бири Нурлан Асанбеков абактан ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу активист Айсулуу Кудайбердиева фейсбук барагына жазды.

Кудайбердиеванын айтымында, Асанбеков 1-ноябрынан бери ачкачылык жарыялап, эч нерсе жебей, 10 килограммга арыктап кеткен.

«Асанбеков Кемпир-Абад боюнча мыйзамсыз кармалган 28 адамдын бири. Ал суу дагы ичпей жатат. Анын 5 жашар церебралдык шал оорусуна чалдыккан кызы да бар, аны каржылык жактан багып келет. Апасынын ден соолугу оор, ага да керектүү дары-дармектер зарыл. Судьяга берилген маалымкаттарга карабай, эки айга ТИЗО-1ге камакка алган», — деди ал.

Кудайбердиева Асанбековдун «Кемпир-Абадды коргоо комитетине» эч кандай тиешеси жок деп билдирди. Анын айтымында, Асанбеков комитеттин мүчөсү Равшан Жеенбековдун үйүндө жөн гана оңдоо иштерин жүргүзүп келген.

Ошондой эле, Кудайбердиева Асанбеков 10 жылдан бери кызын тарбиялап келе жаткан жалгыз бой ата экенин кошумчалады.

Жапырт камоолор

Кыргыз бийлиги 26 кишини массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө айыптап кармады. Алардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып келген.

Сот кармалгандардын дээрлик баарын эки айга камакка алган.

Ал эми президент Садыр Жапаров массалык кармоолор боюнча комментарий берип, Кемпир-Абад маселеси боюнча буга чейин саясатчылар жана активисттер менен жолугушканын, бирок майнап чыкпаганын билдирген.

Жапаров кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт» деп айтып, «алар суу сактагыч маселесин бийликтин бир жерине илинип калсам деген ойдо пайдаланып жатышат» деп эсептеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Башаламандык өкүм сүрүп жатат». Активист Перизат Суранова абактан кат жазды

Бекем турушат. Депутаттар Кемпир-Абад иши боюнча кармалган аялдарга жолугуп чыгышты