Садык Шер-Нияз «Түрк маданиятына кошкон салымы үчүн» сыйланды

Садык Шер-Нияз

5-ноябрда Түркиянын Бурса шаарында эл аралык «Коркут Ата» кинофестивалы жыйынтыкталды. Анда Кыргызстандык кинорежиссёр Садык Шер-Нияз жана Таалайбек Кулмендеев сыйлыкка татыды.

Эл аралык кинофестиваль 1-ноябрда башталып, анын ачылышында «Курманжан Датка» тасмасы көрсөтүлгөн.

Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана БУУнун Билим берүү, илим жана маданият боюнча туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз «Түрк маданиятына кошкон салымы үчүн» сыйланды.

Ал эми кинорежиссёр Таалайбек Кулмендеевдин «Там сатылат» тасмасы «Мыкты актриса» сыйлыгын жеңди.

Маалыматка ылайык, фестиваль Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин демөөрчүлүгү жана Бурса муниципалитетинин колдоосу менен уюштурулду. Иш-чарага түрк өлкөлөрүнөн келген кинорежиссёрлор жана маданият ишмерлери катышты.

«Курманжан Датка» тасмасы — Кыргызстандагы эң кымбат жана өкмөт тарабынан тапшырылган алгачкы тасма. Анда алайлык кыргыздардын ханышасы Курманжан Датканын жашоосу жана ишмердүүлүгү баяндалат.

Тасма «Оскар» сыйлыгынын «Чет тилдеги мыкты тасма» номинациясына сунушталган, ошондой эле Орусиялык «Ника» киносыйлыгына көрсөтүлгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Курманжан Датканын» режиссёру Азия кинематографисттери үчүн фестиваль негиздеди