Акын Болот Назаровду тоноочулукка шектеп кармашты

Сүрөт: Чүй ОИИБи

Буга чейин дайынсыз экени айтылган төкмө акын Болот Назаров милиция тарабынан тоноочулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 7-ноябрда Москва РИИБүнө Беловодское айылынын тургунунан арыз келип түшкөн. Анда Чоң-Арык айылында белгисиз эркек киши 14 жаштагы өспүрүмдүн минип жүргөн атын «сүрөткө түшүү үчүн» сурап алып, өспүрүмгө карата күч колдонуп, окуя болгон жерден из жашырып кеткени айтылат.

Аталган факт боюнча 8-ноябрда «Тоноо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Милициядан Назаров Москва райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, уурдалган жылкы далил катары алынганын билдиришти. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ал эми буга чейин жазуучу жана публицист Олжобай Шакир Назаровдун үч күндөн бери дайынсыз болуп жатканын айткан болчу. Ал Назаровду тойго ырдатканы чакырышып, уурдалган атты белекке берип коюшканын жазган.

«Эми жаңы “операцияга” келели. Үч күндөн бери Болот Назаровдон дайын жок. Бири айтат: “Бокени Беловодский милициясында камап коюшуптур”. Бири айтат: “Бокени тойго чакырткандар алдына ат тартып мингизишет… Тата-пата”. Анан эле ошол миңгизген ат эртеси уурдалган жылкы болуп чыгат. Болгондо да аны Болот Назаров уурдап алган имиш!» — деди ал.

Акын быйыл 22-январда иликтөөчү журналист Болот Темиров менен чогуу кармалган. Кийинчерээк эч жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошотулган. Анын ишин кароо улантылып жаткан.

Болот Назаров журналист Болот Темиров негиздеген Temirov Live YouTube-каналы менен кызматташат. Ал Temirov Live’дын коррупция жана мыйзамсыздык тууралуу иликтөөлөрүн ырга салып айтып берет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Болот Назаров иштин материалдарын кыргызчага которууну өтүнүп, соттук угуу жылдырылды