Төкмө акын Болот Назаров жылкы уурдоого шектелип бир айга ТИЗОго киргизилди

Чүй облусунун Москва райондук соту төкмө акын Болот Назаровду жылкы уурдоо иши боюнча бир айга Бишкектеги ТИЗО-1ге камакка алды. Бул тууралуу 9-ноябрда акындын адвокаты Бакыт Автандил билдирди.

Юристтин айтымында, соттун чечими мыйзамсыз.

«Болот Назаров [буга чейин] оор кылмыш кылууга айыпталганы негиз болуп жатат. Бирок, камакка киргизүү үчүн мыйзамдуу негиз болгон жок. Күнөөнүн оордугунун өзү адамды камакка киргизүүгө негиз боло албайт», — деп жазды Автандил.

Адвокат Назаров үй-бүлөнүн жалгыз багуучусу экенин жана туруктуу жашаган жери бар экенин кошумчалады.

«Андан тышкары, [жылкы жоголгону тууралуу] айткан киши сотко өзү келип, [Назаровду] камакка албагыла деп суранды. Сот Назаровго эч кайда кетпөө тил каты түрүндө бөгөт чара колдонсо деле жетиштүү болмок», — деп белгиледи юрист.

Андан тышкары, мурдараак адвокат акындын баш коргоо чарасы каралып жаткан сот отурумуна өзүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырган киши келип, арыз ээсин жылкы уурдоо боюнча Назаровго тосмо арыз жазбайсың деп талап кылганын билдирген.

«Арыз ээси сот отурумуна өзү келип, Назаровго эч кандай доосу жоктугун билдирди. Бирок, өзүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырган киши келип, арыз ээсин коркутуп, сот отурумуна катышпоого үндөп жатат», — деп жазган Автандил.

Temirov Live командасынын иликтөөчү-журналисттери менен кызматташкан акын Болот Назаровдун кармалганы тууралуу 9-ноябрда маалым болгон. Ал тоноочулукка шектелип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, 7-ноябрда Москва РИИБне Беловодское айылынын тургунунан арыз келип түшкөн. Анда Чоң-Арык айылында белгисиз эркек киши 14 жаштагы өспүрүмдүн минип жүргөн атын «сүрөткө түшүү үчүн» сурап алып, өспүрүмгө карата «күч колдонуп», окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Тоноо» беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Милициядан издөө иштеринин натыйжасында төкмө акын Болот Назаров кармалганын билдирген. Акын убактылуу кармоочу жайга киргизилип, уурдалган жылкы далил катары алынган.

Бирок Temirov Live боюнча акындын кесиптеши — жазуучу жана публицист Олжобай Шакир 9-ноябрда Фейсбук барагына Назаров үч күндөн бери дайынсыз болуп жатканын айткан болчу.

«Болот Назаров боюнча үч күндөн бери кабар жок үчүн коомчулукка болгон иштин учугун чыгарып турганды оң көрдүк. Себеби, бири айтат: "Бокени Беловодский милициясында камап коюшуптур". Бири айтат: "Бокени тойго чакырткандар алдына ат тартып мингизишет...Тата-пата" Анан эле ошол мингизген ат эртеси уурдалган жылкы болуп чыгат. Болгондо да аны Болот Назаров уурдап алган имиш!» — деп жазган ал.

Кийинчерээк журналист Болот Темиров адвокат Бакыт Автандил Назаров менен жолугуп чыкканын билдирген.

«Болот Назаровго чындап эле “атка мингизишкен”. Болот чындап эле жылкыны ага белек кылышты деп ойлогон. Жылкыны өзү кайтарып алып барып берген. Жабырлануучулар тосмо арыз жазып берүүгө даяр, бирок тергөөчүлөр аларды тосмо арыз жазбоого мажбурлап жатышат. Саат 18:00дө сот отуруму болот жана судьялар тергөөчүлөрдүн маанайына жараша аны эки айга камакка алгысы келип жатат», — деп жазган журналист.