Аксы: Милиция аялын сабап, баласын уурдап кеткен кишиге кылмыш ишин козгоодон баш тартты

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда такай аялын сабап жүргөн киши экөөнүн ортосундагы баласын уурдап кеткен. Бул тууралуу «Клооптун» кабарчысына укук коргоочу Камил Рузиев билдирди.

Анын айтымында, аял милицияга үй-бүлөлүк зомбулук жана баласы уурдалганы тууралуу арыз менен кайрылган, бирок укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоодон баш тартты.

24 жаштагы аял Каракол шаарынын тургуну, бирок күйөөсү жана баласы менен Аксы районунда жашачу. Күйөөсүнүн кол көтөрүүсү такай кайталана бергенде баласын алып төркүнүнө качып кеткен. Кийин күйөөсү артынан келип, бала бакчадагы уулун уурдап кеткен.

«[Аял] Каракол ШИИБне арыз менен кайрылган, алар кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Күйөөсү менен никеси болгондон кийин бала уурдалды деп арыз жазганга укугуң жок деп айтышкан. Баланын атасы дагы бирдей эле укуктарга ээ деп түшүндүрүшкөн», — деп жазды укук коргоочу.

Укук коргоочунун айтымында, аял арызда күйөөсү сабап жүргөнүн да жазган. Бирок милиция кызматкерлери ага көңүл бурушкан эмес.

«Азыр ал күйөөсү менен ажырашуу үчүн Каракол шаардык сотуна арыз жазды, бирок ал карала элек. Бүгүн ага жолугуп, Стамбул протоколунун* негизинде иштейбиз, анткени зордук-зомбулуктан кийин колу калтырап, нерви жайында эмес**», — деп билдирди ал.

*Стамбул протоколу — бул адамдын кыйноого жана катаал мамилеге дуушар болгондугун баалоо үчүн колдонмо болуп эсептелет.

**Колдун тремоу — бул манжалар менен колдун калтырап турган синдрому. Организмде колдун калтыроосун катуу коркуу жана эмоциялардын көптүгү чакырат.

Милициядан эмне дешти?

Каракол ШИИБнин тергөө кызматынан жабырлануучу күйөөсү эки жаштагы баласын уруксаты жок бала бакчадан уурдап, белгисиз багытка кетип калганын айтып сентябрда кайрылганын айтышты.

Арыз Каракол ШИИБнин электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталган.

«Териштирүүнүн жүрүшүндө милиция, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө “атасы” деп жазылган графада ал арыз жазган адамдын аты-жөнү көрсөтүлгөнүн, ошондой эле, алар расмий ажырашпаганын аныктаган. Мындан улам бала ата-эненин [экөөнө тең] таандык болгондуктан, арыз ээси үй-бүлөлүк кодекске ылайык сотко карылуу керектиги түшүндүрүлгөн», — деп билдиришти милициядан.

Милиция кылмыш ишин Кыргызстандын кылмыш-процессуалдык кодексинин 36, 37, 153, 154 жана 27 беренесинин 1-б. 2-пунктуна ылайык козголбогонун түшүндүрүштү.

Үй-бүлөлүк зомбулук жана фемицид

2021-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп табылган. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.

Ошондой эле, Amnesty International 2021-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук «кең мүнөздүү» болгонун белгилеген. Уюмдун баяндамасында жабыркагандар кол салгандардан экономикалык жактан көз каранды болгондуктан жана кепке калуудан корккондуктан милицияга көп деле кайрылбаганы айтылган.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2021-жылы 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталган.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Эгер сиз же жакындарыңыз зордук-зомбулукка кабылса төмөнкү кризистик борборлорго кайрылсаңыз болот.

Кризисттик борборлордун даректери:

«Шанс» кризистик борбору: Бишкек, Чүй проспектиси 207, 509-кабинет - 0709 710 320;

«Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 - 0312512640

«Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош, Ленин көчөсү 205/105 - 0772328960

«Акылкарачач» кризистик борбору — Ош обл. Гүлчө айылы - 0555281423

«Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 205 - 0776380777

«Ак жүрөк» кризистик борбору: Ош, Ленин көчөсү 205 - 0 550 231 329, 0 322 245 976

«Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773843461

«Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700257890

«Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557484713

«Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777393077

«Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084

«Аялзат — аялдардын демилгесин колдоо» коомдук уюму: Каракол, Абдрахманов көчөсү 105-14 - 0392 251 091, 0553 835 717;

«Алтынай» кризистик борбору — Чолпон-Ата шаары - 0709 694 550

«Мээрман» кризистик борбору — Каракол шаары - 0706 383 637

«Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору: Каракол - 0702 223 535 — түз байланыш номери - 0551 733 390.