Бийлик аялдардан коркот — экс-депутат Наталья Никитенко массалык камоолор тууралуу

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Наталья Никитенко Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилиши боюнча бийликтин аракетин сындаган аялдардын камакка алынышы тууралуу пикирин билдирди.

Ал «бийликтин элден коркуп жатканы түшүнүктүү» экенин айтып, ага «бюджеттеги олчойгон таңкыстыкты, баалардын өсүшүн, инфляцияны, аманаттардын арзандашын жана коррупцияны» мисал келтирди.

Никитенко «өлкө башчылары башкача ойлонгондого каршы күрөшүүдө эски ыкмаларды — камоону колдонууга ыктап жатканын» айтты. Бирок ал «буга чейин аялдарды куугунтуктоо болгон эмес» деп белгиледи.

«Асия Сасыкбаеваны төрт күзөтчү күч менен алып кетүүгө аракет кылышкан. [Сотто] бүтүндөй бир взводдун аскерлери Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Перизат Суранова жана Гүлнара Журабаеваны курчап турушту. Аларды көптөгөн атактуу бандиттерге салыштырмалуу алда канча көп кайтарууга алышты! Мындай аракетти мыйзамсыз гана эмес, жигитчилик деп да айта албайсың! Анан калса, аялдарды коркутуу жана сындыруу аракети ушунчалык күч болгондуктан, аларды кылмышкерлер менен бирге ТИЗО-1ге камашты», — деп жазды ал.

Экс-депутат Конституцияга ылайык, ар бир жаран өз оюн айтууга, тынч чогулуштарды өткөрүүгө жана митингге чыгууга укуктуу экенин белгиледи. Ал «өлкөдөгү тынч жаткан аялдар менен эмес, жарандарыбызды өлтүрүп, жерибизге көз артып, элди тоноп жаткан душмандар менен күрөшүү зарыл» деп белгиледи.

«Депутаттар, коомчулук, көптөгөн белгилүү адамдар бийликке кайрылып жатышат. Эл аралык уюмдар, элчиликтер тынчсыздануусун билдиришүүдө. Бирок бийликтегилер өз элинен коркот, аялдар андан да. Өкүнүчтүү. Бул жол эч кайда алып барбайт, аны далай ирет басып өткөнбүз», — деп сөзүн жыйынтыктады Никитенко.

Тема боюнча:

Массалык камоолор: Сот Нурлан Асанбековду үй камагына чыгарып, калгандарын абакта калтырды

Бекешев: Жакында Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек ара келишимин ратификациялайт