Өзгөн: Жашы жете элек кызды ала качкан үч киши пробациялык көзөмөл менен бошотулду

Ош облусунун Өзгөн районунда жашы жете элек кызды ала качкан үч киши пробациялык көзөмөл менен бошотулду. Бул тууралуу маалымат Жогорку соттун сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, кылмыш үстүбүздөгү жылдын 24-февралында катталган. Анда Өзгөн районунун 27 жаштагы төрт тургуну аталган райондун 17 жаштагы тургунун никеге туруу максатында ала качкан.

Анда негизги шектүү кызды ала качып өзүнүн үйүнө алып келип, жуучу жибергенде милиция келип калганын айткан.

Өзгөн райондук соту үч шектүүнү тең «Никеге туруу максатында ала качуу» беренеси менен күнөөлүү деп таап, жети жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган. Ошол эле учурда аларга үч жылдык пробациялык көзөмөл дайындап, бөгөт чарасы катары тандалган үй камагынан бошоткон.

Кыргызстандагы ала качуу

Кыргызстанда кыздарды ала качып, никеге турууга мажбурлашат. Иштердин көбү сотко жетпей кыскарып кетет — жетсе да айыпталуучулар көп учурда жазасыз калышат. Мисалы 2020-жылы Жалал-Абад облусунда ала качуу боюнча 19 факты катталып, алардын баары тергөөдө кыскарган.

Милиция буга «кыздардын ата-энелери алар өз каалоосу менен турмуш курганын, дооматтары жок экенин айтып жазган тосмо арыздарын» жүйөө кылган.

2021-жылдын апрель айында уурдалып, андан соң өлтүрүлгөн Айзаданын аянычтуу окуясынан кийин «Клооптун» журналисттери «ала качуу» боюнча акыркы беш жылдагы соттук процесстерди изилдеп, Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт деген тыянакка келишкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт. Сот иштеринин анализи