«Жер үчүн бекем туруу — кылмыш эмес». Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүнө каршы митинг болду

Бүгүн, 15-ноябрда Бишкекте Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы митинг өттү. Ага 30га жакын киши катышты, алардын арасында жарандык активисттер, Бишкектин тургундары жана Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан Ош облусунун Өзгөн районунан келген тургундар болду.

Митингге чыккандар колдоруна «Биздин жер ыйык жана колтийгис», «Бийликтин да, байлыктын да ээси — эл», «Жер үчүн бекем туруу кылмыш эмес» жана «Эркиндик — элдин менчиги» деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүнө каршы митинг, 15-ноябрь. Сүрөт: Мундузбек Калыков / Kloop.

Башында митингчилер акциясын Жогорку Кеңештин алдында өткөрүп жатышкан, бирок алар бир нече жолу милиционерлер келип, Максим Горький атындагы скверге кетүүнү талап кылышкан. Алар митингдерге аталган скверде гана уруксат бар деп айтышкан. Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-апрелде Орусия элчилигинин, Президенттин администрациясынын, Улуттук коопсуздук комитетинин имаратынын алдында жана «Ала-Тоо» аянтында тынчтык чогулуштарын өткөрүүгө тыюу салган. Чектөө 1-декабрга чейин созулат. Соттун чечими боюнча, митингдерди Горький атындагы скверде гана өткөрүүгө болот. Акыйкатчы, Атыр Абдрахматова соттун чечими Абдрахматова эгемен Кыргызстандын Конституциясына жана кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерге каршы келерин, мындай чечимдер өлкөнү дүйнөлүк коомчулуктун алдында дискредитациялайт деп билдирген.

Нааразычылык акциясына чыккандар парламенттен Горький атындагы паркка чейин жөө басып барышты. Алар жолдо баратып депутаттарга кайрылып, Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүн шарттаган кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо жөнүндөгү макулдашуунун долбоорун ратификациялабоону суранып жатышты. Кыргызстан анын ордуна башка облустардан 19 миң гектардан ашык жер алат.

Бүгүн, 15-ноябрда парламенттин профилдик комитети келишимдин долбоорун карап жатат. Эгер документ жактырылса, ал Жогорку Кеңештин ратификациясына жөнөтүлөт.

Өзбекстандын парламентинин мыйзам чыгаруу палатасы Кыргызстан менен чек ара боюнча келишимди жактырган.