«Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети» депутаттарга кат жолдоду

«Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин» мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасады. Алар депутаттарды кыргыз-өзбек чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычындагы сууну биргелешип башкаруу тууралуу мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрбөөгө чакырды.

«Элибиздин – жерибиздин стратегиялык утулушун кантип мыйзамдаштырып бересиңер? Кемпир-Абад эч качан талаштуу болгон эмес! Кемпир-Абад талашсыз кыргыз жери! Өзгөндүн, Кара-Суунун, Оштун жери!» — деп айтылат кайрылууда.

Аны менен катар, абактагы активисттер «элдин намысы жана урпактардын келечеги бүгүнкү күндө эл өкүлдөрүнүн колунда» экенин баса белгилешкен.

«Тарыхта, урпактарыбыздын алдында “кыргыз жеринин аймактык бүтүндүгүн бузуп, Кемпир-Абадды өткөрүп берген саткындар” деген оор атты өзүңөргө албагыла. Ратификация кылуудан баш тарткыла», — дейт алар.

Парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 15-ноябрда «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун үч окууда жактырган.

Ошондой эле депутаттар «Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун дагы үч окууда кабыл алышкан.

Добуш берүүгө жалпы 14 кишиден 7 депутат гана катышкан. Эки депутат жыйынга келген эмес, ал эми беш эл өкүлү — Адахан Мадумаров, Чыңгиз Айдарбеков Нуржигит Кадырбеков, Эрулан Көкүлов, Нилуфар Алимжанова — келишимди ратификациялоого каршы болуп, отурумдан чыгып кеткен.

Ушул жылдын 1-ноябрында дагы «Кемпир-Абадды коргоо комитети» Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге ачык кайрылуу жолдогон.

Катта комитет Мирзиёевден Садыр Жапаров менен Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча макулдашууга «бул стратегиялык, өмүрдөй маанилүү суу ресурсунун айланасындагы талаштуу жана көйгөйлүү маселелер бир жаңсыл болуп аныкталмайын» кол коюуну кийинкиге жылдыра тууруну суранган.

Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча макулдашуу

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүү — бул чек араны делимитациялоо жана деморкациялоо боюнча комиссияны жетектеген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси.

Депутаттар Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүүгө жол берген документтерди бир нече аптадан бери карап, талкуулап жатышат.

Аталган талкуулардын баары чуу менен коштолуп келет — мурдараак депутаттар кесиптеши Чыңгыз Айдарбековду комитеттин төрагалыгынан алышкан. Ал суу сактагычтын астындагы жерди Өзбекстанга берүүнүн шарттаган макулдашууга каршы чыккан.

Жалпысынан талкууланып жаткан документтерге байланыштуу митинг жана курултайлар өткөн.

Ошондой эле бийлик Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон «Кемпир-Абадды коргоо» комитетинин 26 мүчөсүн массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө айыптап кармаган. Сот алардын барын 20-декабарга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Алардын баары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди суу сактагычты коңшу өлкөгө берип жатканы үчүн сындашкан.

Тема боюнча:

Кемпир-Абадды коргоо комитети Мирзиёевден макулдашууга кол коюуну жылдыра турууну суранды

Бекешев: Кемпир-Абад боюнча келишимде талаштуу маселелерди чечүүнүн механизмдери жок