Президент Садыр Жапаров 17-ноябрда кыргыз-өзбек чек ара макулдашуусу каралып жаткан парламенттин жыйынында сөз сүйлөдү. Ал депутаттарды Өзбекстан менен чек ара боюнча макулдашууга «жоопкерчиликтүү» мамиле кылууга чакырды.
«Албетте, баарыңарды айткандан алысмын, бирок бирин-экин депутаттар “добуш бербейм”, “өкмөт менин суранычымды аткарбай жатат”, “суранган кадрларымды кызматка албай жатат” деген сөздөрдү айтып жаткандар бар. Эгер мен же Министрлер кабинети жеке маселебиз менен келсек, мейли, колдобой эле койгула. Бул маселе мамлекеттин түбөлүк бүтүндүгү, коопсуздугу үчүн кабыл алынып жаткан мамлекеттик маселе. Бул маселеге жеке таарыныч менен мамиле кылган туура эмес, урматтуу депутаттар», — деди Жапаров.
Өлкө башчысы айрым депутаттар ага Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүүнү кийинкиге калтыра турууну сунушташканын дагы кошумчалады. Бирок, президенттин пикиринде, келечекте Кыргызстан үчүн мындай ийгиликтүү келишимге жетишүү кыйын болуп калышы мүмкүн.
«Күндөн-күнгө, жылдан-жылга кошуна элдин саны өсүп жатат. Муну баарыңыздар көрүп турасыздар. Жерлер тарып баратат, кийин чечебиз деп калтырып койсок, ошол мезгилде 19 миң гектар жер эмес, 1 сотых жер үчүн кан төгүлөт. Буга чейин деле канча аскерлерибиз, жөнөкөй жарандарыбыз чек ара чырынан өлүп кетишти. Мына, 30 жылдын ичинде, өзүңүздөр билесиздер», — деди ал.
Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы боюнча документтер профилдик комитеттерде каралып жатканда нааразычылык иретинде залдан чыгып кеткен депутаттарды да сынга алды.
«Мамлекеттин тагдыры чечилип жаткан маселеде андай кылбаңыздар. Бийликке оппозиция боло бериңиздер, бирок мамлекетке оппозиция болбоңуздар, сураныч. Жөнөкөй калкыбыз мындай маселелерде кагаздарды көрбөгөндөн кийин, жакшы билишпейт, түшүнүшпөйт, ошон үчүн кыйкырышат. Сиздер көрүп атасыздар, мына, далилдүү документтер колуңуздарда турат, архивдик документтер. Кимдер каршы кыйкырбасын, маселени терең изилдеп чыгып, мамлекетке пайдалуу келишим болуп жаткандан кийин жоопкерчиликтүү мамиле жасасаңыздар жакшы болот эле. Сиздерди эл мамлекеттин тагдырын чечет деп ишенип шайлаган. Анан ушул тагдыр чече турган маселеде мен ооруп жатам же командировкага кетип калайын деп, кетип калганыңар туура эмес. Бул эл ишенимине жоопкерчиликсиз мамиле, урматтуу депутаттар. Эч коркпоңуздар. Биз туура жол менен кетип бара жатабыз. Жер берип жаткан жокпуз, тескерисинче, мурдагылар берип жиберген жерлерибизди кайра кайтарып алып жатабыз», — деди президент.
Президент бүгүнкү жыйында Өзбекстан менен чек ара маселесине чекит коюла турган «тарыхый күн» деп атады.
«Бүгүн тарыхый күн. Чечилбей келген чек ара маселесине чекит кое турган күн. Ушундай тарыхый, жооптуу учурда башымды катып отуруп албастан өз пикиримди билдирип кетейин деп келдим. Чек ара маселесин кандай чечилип атканын баяндамачы Камчыбек Кыдыршаевич толугу менен айтып берди. Түшүнбөгөн кишиге да түшүнүктүү болдуго дейм — канча жер, кайсыл талаш жерлер бизге өткөнүн көрүңүздөр. Алар жөнүндө кеп кылбай эле коёюн», — деди ал.Президенттин айтымында, Кемпир-Абаддын алдындагы 4127 га жер Өзбекстан менен 1965-жылы эле алмашылган.«Буга карабастан кокус Кемпир-Абад кургап кетсе, суу астындагы жер Өзгөндө калсын деп кыйкырып жатасыздар. Биринчиден, суу кургабайт, дагы кылымдар бою суу агат. Экинчинден, макул суу түгөнүп суу сактагыч кургап кетти дейли. Ордуна теңе-тең жерге ошол замат алмашып алсак болот. “Айланайын” деп алмашат. Анткени аларга [өзбек тарапка] суудан бошогон таш, кум баскан сайдын кереги жок. Ал жерге пахта эге албайсың же шалы эге албайсың. Үчүнчүдөн, Кыйкыргычтар “Өзбекстанга башка жерден жер берип суунун алдындагы жерди алып бергиле” дешет. Өзбек туугандардын башы жакшы иштейт. Ошондуктан 30-40 жыл алдыга кетишти. Биз болсо дагы деле кыйкырыктан башыбыз чыкпай жүрөбүз», — деп белгиледи ал.
Жапаров депутаттарды Өзбекстан менен маселени бүгүн биротоло чечүүгө чакырды. «Бир эле Өзгөн менен маселе чечилип аткан жок, бүтүндөй Кыргызстан боюнча чек ара маселеси чечилип, чекит коюлуп жатат», — деп кошумчалады ал.
Кемпир-Абад боюнча талаш-тартыштар
«Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо жөнүндө келишимдин» долбооруна ылайык, Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4485 га жерди Өзбекстанга калтырып, ордуна бир нече облустан 19 миң гектардан ашык жер алат.
Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бул макулдашуу өлкө үчүн утуштуу деп айтышууда.
Анткен менен жергиликтүү тургундар менен айрым саясатчылар каршы чыгып жатышат. Кээ бир жергиликтүү тургундар эгер Кемпир-Абад Өзбекстанга өтсө, Өзбекстан убадасына турбай, сууну жана суу сактагычтын тегерек четиндеги жерлерди колдоно албай калабыз деп кооптонушууда.
Келишимди ратификациядан өткөрүү жана талкуулоо процесси чуу менен коштолуп жатат — буга чейин депутаттар кесиптеши Чыңгыз Айдарбековду парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин башчылыгынан алышкан. Ал келишимдин долбооруна каршы чыгып, комитеттин чечимине кол коюудан баш таркан. Муну ал депутаттардын колуна бардык документтер берилбегени менен түшүндүргөн.
Жалпылап айтканда талкууланып жаткан документтерге байланыштуу суу сактагыч жайгашкан Ош облусунун өзүн да жана өлкөнүн эки ири шаары — Бишкек жана Ошто митинг жана курултайлар өткөн.
Ошондой эле бийлик массалык башаламандык уюштурууга айыптап дээрлик 30 адамды кармаган. Алардын баары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди суу сактагычты коңшу өлкөгө өткөргөнү жатканы үчүн сындашкан.
Кийинчерээк президент Садыр Жапаров массалык кармоолор боюнча комментарий берип, кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт», алар суу сактагыч маселесин «бийликтин бир жерине илинип калсам» деген ойдо пайдаланып жатышат деп билдирген.