ИИМ: Баткенде кызмат өтөгөн милиционерлердин айлыгына кошумча 30 миң сомдон төлөнүп турат

Ички иштер министрлиги ведомствонун дээрлик бардык бөлүктөрүнүн кызматкерлерине октябрь айындагы эмгек акысына кошумча акы төлөнүп берилгенин билдирди. Буга чейин президент Садыр Жапаров 1-октябрдан тартып аскер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кызмат өтөө үчүн үстөк акыларын жогорулатуу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Анда кызмат өтөө үчүн үстөк акы жылдык эмгек акы фондунун 80 пайызына чейин көтөрүлөрү айтылган.

ИИМден ички иштер органдарынын маянасына кошулуучу үстөк акы 20 миң сомду түзөрүн маалымдашты.

Ошондой эле көбөйтүлгөн үстөк акы ИИМдин Баткен облусунда өзгөчө шарттарда кызмат өтөгөн кызматкерлерин шыктандыруу үчүн төлөнөт.

Алсак, Баткен, Лейлек райондорунун, Баткен жана Сүлүктү шаарларынын аймагында кызмат өтөгөн милиция кызматкерлери менен Ички аскерлердин аскер кызматкерлери менен милиционерлер ай сайын кошумча 30 миң сомдон алып турушат.

«Бул үстөк акы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде делимитация жана демаркация процесстери толук аяктаганга чейин төлөнүп турат», — деп белгилешти ИИМден.

Мекемеден айрым бөлүктөр айлык акыга кошулуп берилүүчү үстөк акыны кийинчерээк алышарын кошумчалашты.

Буга чейин ЖМКда ИИМдин Күзөт кызматында иштегендердердин кайрылуусу тараган. Анда алар 2022-жылдын октябрынан тарта башка укук коргоо органдарынын жана аскер кызматкериндей болуп айлык акылары жогорулатылбаганын айтып нааразы болушкан. Андан тышкары, алардын айтымында, аларга пандемия учурундагы компенсациялар да төлөнгөн эмес.

ИИМден буга министрликтин Күзөт кызматы өзүн өзү каржылоо, өзүн-өзү камсыздоо принциптери жана жеке менчик ээлери менен түзүлгөн келишимдин негизинде түшүүчү атайын (бюджеттик эмес) каражаттардын эсебинен каржыланарын айтып жооп беришкен.

«Азыркы учурда ИИМдин Күзөт кызматы күзөт кызматын көрсөткөндөрү үчүн келишимдерди кайрадан түзүү боюнча иштерди жүргүзүп жатышат. Бул иш-чаралар толук аяктагандан кийин ИИМдин Күзөт кызматынын милиция кызматкерле 1-октябрдан тартып үстөк акы толук кайрадан төлөнүп берилет», — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Буга чейин минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров үстөк акы чек арачыларга да берилерин айткан. Анын айтымында, келишимдик негизде иштеген сержант 16 миң сом алган болсо, 1-октябрдан тартып 32 миң сомдон ала баштайт.

Ал Лейлек жана Баткенде кызмат өткөгөн чек арачыларга эки эсе коэффицент коюлганын, алар 76 миң сомго чейин ала башташарын айткан. Чек ара кызматы октябрь айына төлөнгөн маянага кошулуп берилген үстөк акы боюнча азырынча отчёт бере элек.