УКМК теракттарды алдын алууда келтирилген зыяндын ордун толтурууну сунуш кылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети теракттарды алдын алууда келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Долбоор Минкабдын сайтына жарыяланды.

«Терроризмге бөгөт коюуда мамлекеттик органдардын аскер кызматкерлери менен адистеринин иш-аракетинин натыйжасында жарандардын жана юридикалык жактардын мүлкүнө келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу аркылуу, мүлкүнө болгон кол тийбестик конституциялык укугун камсыздоо болуп саналат» — деп жазылат минкабдын негиздемесинде.

Долбоордо Кыргызстан эгемендик алгандан бери тургундардын мүлкүнө зыян келтирилген бир-эки учур катталганы айталат.

Мындан ары терроризмди алдын алууда келтирилген материалдык зыян министрлер кабинети аныктаган тартипке ылайык, бюджеттен төлөнүп берилет.

Ал эми компенсациянын өлчөмүн Өзгөчө кырдаалдар, Каржы министрлигинин жана башка мамлекеттик органдын өкүлдөрүнөн, көз карандысыз баалоочулардан турган атайын комиссия аныктайт.

Компенсация алуу үчүн жабырлануучу теракт болгон жердеги УКМКнын бөлүмүнө кайрылууга тийиш. Арыз 30 күн ичинде каралып, келтирилген зыяндын өлчөмү аныкталат.

7-июлда Бишкекте теракт пландаштырып жаткан чет өлкөлүк эки жаран кармалган. УКМКдан кармалгандар эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү экенин, алар Сириядан жасалма паспорт менен келишкенин белгилешкен.

Атайын кызматтан кармалгандар Сириядагы согуш зонасында диверсиялык жана террористтик даярдыктан өткөнү тууралуу «төгүндөлгүс далилдер» алынганын кошумчалашкан.

Тема боюнча:

УКМК: Бишкекте айт намаз учурунда теракт уюштурууну көздөгөндөр кармалды