Абактан кат: Активист Илгиз Шаменов коркутуулар болуп жатканын билдирди

Кемпир-Абад боюнча макулдашууну сындаганы үчүн Москвада кармалып, Кыргызстанга алынып келинген активист Илгиз Шаменовдун ТИЗО-1деги камерасына өз энесине 90 жолу бычак сайып өлтүргөн деген шек менен кармалган жана психологиялык жактан жабыркаган адам киргизилди.

Бул тууралуу активит өзү кыргызстандыктарга, ЖМКга, Жогорку Кеңештин депутаттарына, эл аралык уюмдарга, Акыйкатчы аппаратына жана Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборуна жолдогон катында жазды.

«Урматтуу мекендештерим, достор, өзүңүздөр көргөндөй негизсиз, далилсиз жасалма токулган кылмыш иши козголуп, саясий куугунтук болуп, "эл-жер" деп түрмөдө отурам — деп жазды ал. — Эң негизги менин кармалгандыгымдын себеби Жетим-Тоого байланыштуу деп ойлойм, себеби Кемпир-Абаддан кийинки кезекте Жетим-Тоо турат. Мен негизсиз түрмөдө отурганым аз келгенсип, мага карата ТИЗОнун айрым кызматкерлери аркылуу кысым болуп жатат, негизсиз текшерүүлөр, кылган мамилелери, коркутуулар болуп жатат. Бул боюнча ТИЗОнун жетекчилерине бир-нече ирет кайрылдым, жыйынтык жок» — деп кайрылды Шаменов.

Активисттин айтымында, ал отурган камерага өз энесине 90 жолу бычак сайып өлтүрүүгө шектелип кармалган, психикалык жактан жабыркаган кишини киргизип коюшкан.

«Эмне максатта мындай кылып жатышат билбейм. Ошол себептен коомчулукка кайрылып жатам», — деп жазды ал.

Жазаларды аткаруу кызматынан (ЖАК) «Клоопко» бул боюнча кийинчерээк маалымат берүүнү убадалашты.

Илгиз Шаменов Бишкек шаардык кеңешинде «Социал-Демократтар» партиясынын депутаты болгон. Активисттин балык фермасы бар. Соцтүйүндөрдө Шаменов «Бишкек» Эркин экономикалык аймагынын ишин активдүү сынга алып турган. Ошондой эле ал Нарындагы «Жетим-Тоо» кенин иштетүүгө каршылыгын билдирип жүргөн.

Шаменов экс-депутат Орозайым Нарматова менен чогу Москвада кармалып, 28-октябрда Бишкекке алынып келинген. Алар «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деп айыпталышууда.

17-ноябрда 20-декабрга чейин Бишкектин ТИЗО-1де калтырылган.

Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүн сындагандарды кармоо

Шаменов менен Нарматова активисттер менен саясатчылар жапырт камакка алынгандан кийин кармалган, кармалгандардын көбү Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүү планын сындап, объектти коргоо комитетин түзүшкөн болчу.

Саясатчылар менен активисттерди тинтүү жана кармоо 23-октябрда болгон. Ошол эле күнү 20дан ашык адам кармалган. Алардын баары «массалык башаламандык уюуштурууга даярдык көргөн» деп айыпталып жатат.

25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту кармалгандардын дээрлик бардыгын эки айга камакка алган, кийин шаардык сот биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

Кармалгандардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулган» деп айтышууда. Алар Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров массалык кармоолор боюнча комментарий берип, кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт», алар суу сактагыч маселесин «бийликтин бир жерине илинип калсам» деген ойдо пайдаланып жатышат деп билдирген.

Ал эми УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев парламенттин 17-ноябрдагы жыйынында Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды «чагымчылар», мамлекетке туруксуздукту алып келебиз, мамлекетте ызы-чууга салабыз, бийликти алабыз дегендер» деп атаган.

Материалдын автору: Мираида Жапарова