Фармбизнес тууралуу журналисттик иликтөө: Департаменттин башчысы Кагаздиев отставкага кетти

Саламаттык сактоо министрлигиндеги коррупция тууралуу иликтөөнүн каарманы — Дары-дармек жана медициналык техникалар департаментинин башчысы Нурдин Кагаздиев өз калоосу менен кызматынан кетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатыровага таянып 24.kg басылмасы билдирди. Баатырованын айтымында, чиновник эмне үчүн кызматынан кетип жатканын айткан эмес, бирок арызы Министрлер кабинетине жөнөтүлгөн.

Буга чейин көз карандысыз журналисттер Кагаздиевдин жакындары маал-маалы менен миллиондогон сомдук медициналык тендерлерди утуп жатышканы, айрым учурларда бири-бири менен өз ара атаандашып да коюшары тууралуу иликтөө жарыялашкан.

Журналисттердин маалыматына ылайык, алты жарым жылдан бери чиновниктин жакындарына тиешелүү компаниялар 350 миллион сомдон ашык суммадагы медициналык тендерлерди утуп келишкен. Компаниялардын ээлеринин арасында Кагаздиевдин атасы, эжеси, аталаш агасы, жеңеси жана кайын эжеси болгон.

Иликтөөдөн кийин Башкы прокуратура текшерүү баштаган. 19-ноябрда УКМК департаменттин директору Канат Бекбоевди жана башкармалыктын башчысы Исхак Токтоналиевди өлкөгө сапатсыз дары-дармектерди мыйзамсыз импортоо, каттоо жана сертификациялоого шектеп кармаган.