Суталинов менен Курманкулов уулдарын программист кыларын айтышты

УКМКнын экс-төрагасы Мурат Суталинов жана Чүй облустук милициясынын мурдагы башчысы Самат Курманкулов уулдарын программист кесибине окутушат. «Жетишет, аталары ансыз да башкалар үчүн жооп беришти», — деп Фейсбукка жазды Суталинов, «аскер адамы болуу коркунучтуу болуп калды» деген комментарийге жооп кылып.

2010-жылы митингге чыккандарга ок атууга айыпталып соттолуп, кийин айыкпас дартка чалдыккандыктан абактан бошотулган Мурат Суталинов, мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин үйүн штурмга алууда жаракат алган Чүй облустук милициясынын экс-башчысы Самат Курманкуловдон кабар алганы барды.

Суталинов Фейсбуктагы постунда Чүй облусунан көп генералдар чыкканын белгилеп, аларды каражатка муктаж болуп жаткан жердеши Курманкуловго жардам берүүг чакырды ( «Клооп» мурдагы милиция кызматкеринин 21 миң сом пенсиясы дары-дармекке дагы жетпей турганын жазган). Мындан тышкары ал, Ички иштер министрлигине кайрылып, Курманкуловду Кытайга алып барып дарылатуу тууралуу макулдашууну сунуштады.

«Муну менен эмнени айткым келет? Самат жалгыз эмес, анын таламын талашып, ортомчу боло турчу адамдар бар. ИИМге кытайлык кесиптештери менен байланышып, аны дарылатууну макулдашууну сунуштайт элем. Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигиндегилер үчүн бул жөнөкөй эле нерсе», — деп жазды Суталинов.

Суталиновдун айтымында, Курманкуловду ыкчам иликтөө кызматына өзү «кабыл алган», экөө бирге «шылуундарды колго түшүрүп, муктаж болгондорго жардам берген, майдаланбаган чыныгы опер болушкан».

Суталиновдун постунун алдына комментарий жазгандар аларды «чыныгы генералдар», «элдин татыктуу уулдары» деп аташты. Арасында «эч нерсеге карабай берген антына бекем турушту, бирок эң балуу нерседен — ден соолуктан ажырашты» деп белгилегендер болду.

Эми Суталинов абакта отуруп чыгып, Курманкулов ден соолугунан ажырап, каражатка муктаж болуп турган шартта, күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызмат адамдары балдары өздөрүнүн тагдырын кайталоосун каалабайт.

Катталуучусунун «Аскер адамы болуу коркунучтуу болуп калгандыктан», балдарды дарыгерликке окутуу сунушуна Суталинов: «Биз балдарыбызды программист кылууну чечтик, алдын ала сүйлөшүп алгандай айттык. Жетишет, ансыз да аталары башкалар үчүн жооп беришти», — деп айтты.

Мурат Суталинов — Курманбек Бакиев президент болуп турганда УКМКнын башчысы болгон. 2010-жылдын 7-апрелинде аянтка чыккан демонстранттарга ок атууга айыпталган. 2011-жылдын декабрь айында мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга соттолгон. 2019-жылдын майында Бишкек шаардык соту бөйрөк рагынын төртүнчү стадиасына байланыштуу аны мөөнөтүнөн мурда бошоткон.

Суталинов азыркы тапта соцтүйүндөрдөгү барактарын активдүү жүргүзүп, коомдук-саясий темаларда пост жазып, коомчулукту Садыр Жапаровдун «айланасына биригүүгө» үндөп келет.

Чүй ОИИБнин мурдагы башчысы Самат Курманкулов Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн штурмга алууда башынан жаракат алып, комага түшкөн. Учурда Курманкулов ден соолугунун абалынан улам пенсияга чыккан, өз алдынча кыймылдай албайт. Соцтүйүндөрдө Курманкуловдун дарылануусу үчүн каражат чогултуу башталган.

Дагы окуңуз: «Чарчаган арстандар». Президенттер жана аларды коргогон күч кызматкерлеринин абалы