Жапаров: Мугалимдердин айлыктарын көтөрүү менен бош орундардын 73 пайызы толтурулду

Акылбек Жапаров. Сүрөт: «Акипресс»

Жогорку Кеңештин 21-ноябрдагы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мугалимдердин айлыктарынын көтөрүлгөндөн кийин бош орундардын 73%ы толтурулганын билдирди.

Ал эми кийинчерээк мугалимдердин айлык акысынын төмөндөгөнү алардын ишин баалоонун бирдиктүү механизминин киргизилиши менен байланыштуу экенин айтты.

«1,5—2 ставка менен сабак берген мугалимдердин маянасы азайды. Ал эми бир ставка менен иш алып баргандардын баары кубанычтуу. Мисалы, алыскы аймактардагы музыкадан сабак берген мугалим жумасына бир же эки сабак өтүп, айына 3-4 миң сом алчу. Ошондой эле англис тили сабагында дагы балдар аз, жумуш орундарын деле эч ким толтурган жок. Бүгүнкү күндө канча сааты болгонуна карабастан, минималдуу эмгек акысы 21 миң сомду түзөт. Анан гана кошумча сааттар кошулат», — деп түшүндүрдү Жапаров.

Аны менен катар төрага мугалимдердин айлыгынын жогорулашы менен аймактарда мугалимдердин жетишсиздигинин азайганын билдирди. Анын айымында, мугалимдердин бош орундарынын 73%ы толтурулду.

Аталган жыйында депутат Дастан Бекешев мугалимдердин айлыгы көтөрүлдү деп айтылганы менен сентябрдан тарта аз айлык алып жатышканын билдирген болчу.

Депутаттын суроосуна Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жооп берип, мындай өзгөрүү «мугалимдердин сааты кайрадан эспетелип чыкканына байланыштуу экенин» айткан.

Мугалимдердин айлык акысы

Бийлик 2022-жылдын апрелинде мугалимдердин айлыгы 80%га көтөрүлгөнүн билдирген. Билим берүү тармагынын кызматкерлеринин: педагогикалык персоналдын айлыгы — 80%га, кичүү жана техникалык персоналдын айлыгы — 80%га, административдик персоналдын айлыгы — 50%га жогорулаган болчу.

2022-жылдын июнь айында президент Садыр Жапаров мугалимдердин айлыгын жылдын аягына чейин дагы көтөрүп берүүнү убадалаган.

Ошондо эле сентябрь айында Билим берүү министрлигинен «мугалимдердин максималдуу эмгек акысы 35 миң сом, ал эми минималдуу — 20 миң сом болот» деп билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жогорку Кеңеште мугалимдердин айлыгына байланыштуу маселе көтөрүлдү