Иликтөөчү журналист Болот Темиров Садыр Жапаровду жана Камчыбек Ташиевди сотко берет

Камчыбек Ташиев/Болот Темиров/Садыр Жапаров

Иликтөөчү журналист Болот Темиров Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди «жалган-жалаа» жапкандыгы үчүн сотко берерин билдирди. Бул тууралуу видеокайрылууну ал соцтармактагы баракчаларына жарыялады.

Анын айтымында, президент менен УКМК төрагасы журналисттин документтери жасалма деп айтканы — жалган. Мындан улам Темиров президент жана атайын кызматтын төрагасы өздөрүнүн айткандарын четке кагуусун талап кылды.

«Биз буга чейин арыз бердик, бирок ал кабыл алынган жок. Мурдун балта кеспестерге эмне дей алат элек? Мейли, доо кабыл алынмайын биз аны кайра-кайра тапшыра беребиз», — деди Темиров

Белгилүү болгондой, сентябрда Свердлов райондук соту Болот Темировго «Баңгизат каражаттарын колдонуу жана сактоо», «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелери боюнча коюлган айыптарды четке кагып, аны актаган.

Ал эми, документтерди жасалмалоо боюнча айыптуу деп таап, бирок мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза берилген эмес. Болот Темиров мыйзамсыз документ жасабаганын айтып келет, ал буга байланыштуу сотко апелляциялык арыз тапшырган. Ушул тапта Темировдун иши Бишкек шаардык сотунда каралып жатат.

Болот Темировго козголгон кылмыш иштер

20-январда Temirov Live мамлекеттик ишкана аркылуу мазут сатып 30 млн сомдон ашык пайда тапкан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары тууралуу иликтөө жарыялаган.

Эки күндөн кийин, 22-январда, милиция Temirov Live’дын негиздөөчүсү Болот Темировду жана анын кесиптеши, төкмө акын Болот Назаровду кармаган. Темиров паспортту, аскердик билетти мыйзамсыз алууга, чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө жана баңги заттарын сактоого айыпталып жаткан.

Мындан сырткары соцтармактарда Темировду жана анын командасын каралаган видеолор тарай баштаган.

Буга чейин адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR) жана Жарандык укук коргоочулар (CRD) бийликтен иликтөөчү журналист Болот Темировго карата тагылган айыптарды алууга чакырышкан.

Уюмдагылар Темировго карата кылмыш иштер «саясий мүнөзгө ээ» жана «жогорку бийлик бутактарындагы коррупция тууралуу иликтөөлөр үчүн анык эле өч алуу» деп билдиришкен.