Ошто аялын жана кайнагасын сабаган киши иниси менен кошо камакка алынды

Кармалган шектүүлөр

23-ноябрда Ош шаарында бир тууган ага-инилер «Ден соолукка оор залал келтирди» деген шек менен убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-ноябрь күнү 28 жаштагы тургун аялына кол көтөрүп, ызы-чуу чыгарган. Мындан улам аял өзүнүн бир тууган агасын жардамга чакырган. Бирок шектүү иниси менен кошо аялына, анын агасына жана өзүнүн карындашына кол көтөрүп, залал келтиришкен.

Алгач бул факты боюнча «Ээнбаштык» беренеси менен иш козголгон. 22-ноябрда соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен аялдын агасынын жаракаты оор деп табылып, «Денеге оор залал келтирүү» беренесине өзгөртүлгөн.

Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Кыргызстандагы аялдарга карата зомбулук

ИИМдин маалыматына караганда, өткөн жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 12%га көп.

Зомбулуктан көбүнчө аял кишилер жабыркайт. Алардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Эгерде сиз жолдошуңуздун же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.