Баткен: АКШдан чек ара жаңжалында жабыркагандарга жардам келди

Сүрөт: Элчилик

АКШ чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыркаган баткендиктер үчүн атайын жардам жиберди. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жардам катары керебеттер, матрацтар, шейшептер жана кышкы кийимдер келген. ӨКМден бул жашоого өтө керектүү буюмдар экенин белгилешип, жардам жакын арада тургундарга таратыларын кошумчалашты.

«Бул колдоо АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан берилген 8 миллион сомго (100 000 доллар) жана гигиеналык комплекттерине кошумча болуп саналат, алар Кыргыз Республикасындагы эл аралык жана жергиликтүү өнөктөштөр тарабынан таратылат. Акчалай жардам жана комплекттер Баткен облусундагы миңдеген адамдардын, анын ичинде балдардын муктаждыктарын канааттандырууга жардам берди», — деп билдиришти элчиликтен.

Куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты «агрессияга жана аскердик кол салууга» айыптаган. Ал эми тажик тарап «эскалацияга» Кыргызстанды күнөөлөгөн.

Жаңжалда кыргызстандын 63 жараны курман болду — анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Ал эми 206 адам ар кандай жаракаттарды алды — алардын 145и жоокерлер, 60ы жай тургундар.

Куралдуу жаңжалда 140 миңге жакын адам үйлөрүн таштап качууга аргасыз болгон. Жаңжалдын кесепетинен жалпы 661 үй жабыркады.

Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 3 млрд 130 миллион сом деп бааланган.

Президент Баткендеги үйлөрдү суук түшкөнгө чейин бүтүрүп берүү тапшырмасын берген. Учурда тургундардын айрымдары үйлөрүнө кайта элек, калгандары чатырларда жана контейнерлерде күн кечирип жатышат.