Жогорку Кеңештин имаратында чыккан өрт өчүрүлдү

Жогорку Кеңештин имаратында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Асел Барыктабасова «Клоопко» билдирди.

Барыктабасова имараттан чыккан өрт саат 13:00дө чектөөгө алынып, дароо өчүрүлгөнүн айтып, эч ким жабыркабаганын белгиледи.

«Бизге имараттын жер төлөөсүнөн түтүн чыгып атканы тууралуу билдирүү түшкөн. Дароо эле өрт өчүрүүчүлөр жөнөп кетишкен. Ал стратегиялык обьект болгон үчүн беш өрт өчүрүүчү унаа жөнөтүлгөн. Элдер аны көрүп сыртка топтолуп калышкан», — деди ал.

Ошондой эле, ал кийинчээрек кошумча маалымат берилерин айтты.

Ал эми депутат Элвира Сурабалдиева өрт имараттын жер төлөөсүнөн чыкканын твиттер барагына жазган.

Жергиликтүү ЖМКлар имараттын ичиндеги кызматкерлер сыртка эвакуацияланып, бир нече өрт өчүрүүчү унаа келгенин жазышкан. Бирок ӨКМдин басма сөз кызматы бул маалыматты четке какты.

Ушуну менен Жогорку Кеңештин имаратында экинчи жолу өрт чыгып атат. Буга чейин 2020-жылы нааразычылык акция учурунда Ак үйдө өрт чыккан. Анда имараттын жогорку кабаты өрттөнүп, бир нече сааттан кийин өчүрүлгөн.

Тема боюнча:

Бишкектеги нааразычылык акция учурунда Ак үйдө өрт чыкты

Бишкек: УКМК имаратындагы өрттөн сегиз киши жабыркады

Башкы сүрөт AKIpress маалымат агентигине таандык.