УКМК: «Каракол жылуулук камсыздоо» ишканасынын директору 5 миң доллар пара берип жатып кармалды

«Кыргызтеплоэнерго» ишканасына караштуу «Каракол жылуулук камсыздоо» бөлүмүнүн директору пара берип жатканда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 26-ноябрда билдири.

Атайын кызмат устүбүздөгү жылдын 31-октябрында Караколду жылуулук менен камсыздаган ишканада финансы-чарбалык мыйзам бузууларды аныктаган.

Ал эми ишкананын директору мыйзам бузууларды аудитордук актыга түшүрбөө аракетин кылып, УКМКнын кызматкерине акча сунуштаган. Шектүү кызматкерге 5 миң АКШ доллар пара берип жатканда колго түштү.

Бул боюнча «Ири өлчөмдө пара берүү» беренеси менен иш козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кармалган шектүү. Сүрөт: УКМК

Атайын кызматтан жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик органдардагы мыйзамсыз көрүнүштөрдү аныктоо иштери уланып жатканын кошумчалашты.

Үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинде Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы бухгалтеринин орун басары УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылып жатканда кармалган. Атайын кызмат бул боюнча тергөө ишин баштаган.

Коррупциянын денгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан 2021-жылы жемкорлуктун деңгээли боюнча 27 упайга ээ болуп, 144-орунга чыккан. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 20 баскычка төмөн — мурдагы жылы Кыргызстан 31 упай менен 124-орунда болчу.

Тема боюнча:

Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн эсепчиси УКМК кызматкерине пара берип жатканда кармалды