Каракол: Мурдагы аялын өлтүрүүгө шектелген киши ТИЗОго киргизилди

Жашы 30дагы мурдагы аялын өлтүрүүгө шектелген киши Каракол ТИЗОсуна эки айга киргизилди. Бул тууралуу «Клоопко» Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Милицияга 9-ноябрда саат 17:08 чамасында «Кумтөр» соода борборунда эркек киши аялды бычактап салганы тууралуу маалымат түшкөн.

Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда мурдагы жубайлар сүйлөшүү үчүн жолугуп, ортодо уруш чыгып, эркек киши аялды бычактап, андан соң өзүнө да бычак сайганы аныкталган.

Милициянын маалыматына ылайык, учурда шектүү өзүнө келип, күнөөсүн мойнуна алган.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, далил буюм катары кылмыш болгон жерден ашкана бычагы алынган. «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Кыргызстан — Борбор Азияда аялдар үчүн эң эле кооптуу өлкө

Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп саналат. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, дээрлик он жыл ичинде «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча 762 кылмыш ишин козгогон, ал жерде киши колдуу болгондор — аялдар. Мындай үрөй учурган адам өлтүрүү фактыларынын орточо он учурунун ичинен сегизи эркектер тарабынан жасалган.

Көпчүлүк учурда Кыргызстанда аялдарды күйөөлөрү, жыныстык өнөктөштөрү өлтүрөт, ал эми фемицид үй-бүлөлүк зомбулуктун түздөн-түз кесепети болуп эсептелет.

Адатта аял кишинин эркек киши тарабынан өлтүрүлүшү фемицид деп аталат. Мындай кадамга эркектер кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана/же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгон учурларда барышат.

Дагы окуңуз: WPS индекси: Кыргызстан аялдар үчүн чөлкөмдөгү эң эле кооптуу өлкө