Бир видео менен: Атамбаев сот залында кабинанын айнегин тепкилеп баштап сот залынан чыгарылды

1-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык жаңжал иши боюнча соттук отурумга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алып келинди.

«Мени соттон бошотуп эле сотту өзүңөр өткөрө берсеңер. Мага барып келиш да кыйын болуп атат. Ошондуктан өтүнүчүм бар да, мени бул циркке катыштырбай эле койгула, мен жок эле өткөргүлө. Мен азыр эми айла жок сот тартибин бузам. Чыгарып салгыла, макулбу?», — деп мурдагы президент сот залындагы кабинанын айнегин тепкилей баштады.

Андан соң мурдагы президентти сот залынан чыгарып кетишти.

Атамбаев жана Убактылуу өкмөттүн беш мүчөсү 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттуар аралык жаңжал иши боюнча кызмат абалынан кыянат пайдаланууга айыпталып жатат.

Алмазбек Атамбаев учурда Молдовановка айылындагы №27 колонияда. Мурдагы президент кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча 11 жыл 2 айга кесилген.

Андан сырткары Атамбаев 2019-жылы болгон Кой-Таш окуясы боюнча боюнча да соттолуп жатат. Штрумдун жүрүшүндө спецназдын башчысынын орун басары Үсөнбек Ниязбеков каза тапкан. 170тен ашык киши түрдүү жаракаттарды алган.

Тема боюнча окуңуз: Адвокат: Жаза аткаруу кызматы Атамбаевдин Москвага барып дарылануусуна уруксат берген жок