Кыргызстанда тогуз күн бою журналисттерди жана ЖМКларды колдоо акциясы өтөт

Кыргызстанда өлкөдөгү журналисттери жана жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоо боюнча маалыматтык акция башталды. Бул тууралуу Журналисттер коомдук бирикмесинен билдиришти.

Акция 1-декабрдан баштап, 9-декабарга чейин уланат. Акциянын максаты — дүйнөлүк коомчулукка Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалын жеткирүү.

Өнөктөштүктүн алкагында Кыргызстандагы журналисттерге басым жасалган фактылар #ForKyrgyzJournalist, #ForKyrgyzMedia деген хэштегдер менен жарыяланат.

Мындан сырткары, Маалымат өнөктүгүнө Грузия, Молдова, Украина, Казакстан, Литва жана башка өлкөлөрдөн журналисттердин катышуусу күтүлүүдө. Өнөктүк учурунда change.org жана avaaz платформаларында Кыргызстандагы журналисттерди жана ЖМКларды колдоо максатында кол топтоо үчүн онлайн петиция ачылат.

Акциянын аягында, эл аралык адам укуктарынын күнүндө «Сорос — Кыргызстан» фондунун колдоосу менен Кыргызстандын Медиа Актив Платформасы менен биргеликте журналисттердин ортосунда онлайн телекөпүрө өткөрүлөт.

Иш-чаранын алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарына, журналисттерге болгон коркутууларды жана чектөөлөрдү, ошондой эле сөз эркиндигин жана жалпы аракеттерди талкуулашат.

Сөз эркиндигине болгон басым

23-ноябрда иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн күч менен чыгарылышы коомчулукта резонанс жаратты.

Кыргызстандагы медиа коомчулук иликтөөчү журналисттин өлкөдөн чыгарылышын «ачык-айкын эле куугунтук» деп баалады. Ал эми Журналисттерди коргоо комитети журналистти өлкөдөн чыгууга мажбурлаган бийликтин аракетин сынга алып, Темировго жана көз карандысыз маалымат каражаттарына болгон «куугунтукту тез арада токтотууну» талап кылды.

Журналисттин өлкөдөн чыгарылышына байланыштуу Бишкекте жана Ошто тынчтык акциялар өттү. Анда Темировду мекенине кайра алып келүү, саясий туткундарды бошотуу, сөз эркиндигин, көз карандысыз журналисттерди жана ЖМКларды куугунтуктоону токтотуу талаптары коюлду.

Ал эми 26-октябрда кыргыз бийлиги «Азаттыктын» сайтын эки айга жапкан. Андан соң медианын банктагы эсеби бөгөттөлгөн.

Кыргызстандагы ЖМК өкүлдөрү буга кескин түрдө нааразычылыгын билдирип, акыркы убакта сөз эркиндигине жана массалык маалымат каражаттарына басым күчөгөнүн белгилешкен. Алар ЖМКларга каршы ар кандай митингдер жана каралаган кампаниялар уюштурулуп жатканын айтышып, ал эми буга тиешелүү органдар көңүл бурбай жатканын сынга алышкан.