Президент Кыргызстан демократиялык «туура жолдо баратканын» айтты

Президент Садыр Жапаров 30-ноябрда Биринчи Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, президент аксакалдарды «курултайдын ийгиликтүү өтүшү» менен куттуктап, «элдин үнүн жеткирген» делегаттарга ыраазычылык билдирген.

«Садыр Жапаров эл ичинен шайланып келген делегаттар көйгөйлүү маселелерди, аларды чечүүнүн жолдорун өлкөнүн бийлик бутактарынын жогорку жетекчилеринин алдында ачык айтышканын ырастады. Бул Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экендигин, өлкө демократиялык туура жолдо баратканын айгинелеп турат», — деп билдиришти администрациядан.

25-26-ноябрда Бишкекте президент демилгелеген Биринчи Элдик курултай өттү. Ага өлкөнүн аймактарынан келген 1000ден ашык делегат катышты.

Сөз эркиндигине болгон басым

25-ноябрда Бишкекте өткөн акция. Сүрөт: Айбек Бийбосунов/Azattyk

23-ноябрда иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн күч менен чыгарылышы коомчулукта резонанс жаратты.

Кыргызстандагы медиа коомчулук иликтөөчү журналисттин өлкөдөн чыгарылышын «ачык-айкын эле куугунтук» деп баалады. Ал эми Журналисттерди коргоо комитети журналистти өлкөдөн чыгууга мажбурлаган бийликтин аракетин сынга алып, Темировго жана көз карандысыз маалымат каражаттарына болгон «куугунтукту тез арада токтотууну» талап кылды.

Журналисттин өлкөдөн чыгарылышына байланыштуу Бишкекте жана Ошто тынчтык акциялар өттү. Анда Темировду мекенине кайра алып келүү, саясий туткундарды бошотуу, сөз эркиндигин, көз карандысыз журналисттерди жана ЖМКларды куугунтуктоону токтотуу талаптары коюлду.

Ал эми 26-октябрда кыргыз бийлиги «Азаттыктын» сайтын эки айга жапкан. Андан соң медианын банктагы эсеби бөгөттөлгөн.

Кыргызстандагы ЖМК өкүлдөрү буга кескин түрдө нааразычылыгын билдирип, акыркы убакта сөз эркиндигине жана массалык маалымат каражаттарына басым күчөгөнүн белгилешкен. Алар ЖМКларга каршы ар кандай митингдер жана каралаган кампаниялар уюштурулуп жатканын айтышып, ал эми буга тиешелүү органдар көңүл бурбай жатканын сынга алышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ачыктан-ачык куугунтук. Медиа коомчулук Темировдун өлкөдөн чыгарылышына байланыштуу кайрылуу жасады

Сөз эркиндигине басым күчөдү. Кыргызстандагы ЖМКлардын өкүлдөрү президентке кайрылышты

Медиа коомчулук бийликти сөз эркиндигине басым кылууну токтотууга чакырды