Атамбаев кайрадан сот залынан чыгарылды. Ал кабинаны тепкилеп, прокурорду «акмак» деп атады

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тартип бузгандыгы үчүн кайрадан сот залынан чыгарылды. Ал 2-декабрда Кой-Таш окуясына байланыштуу иш боюнча Биринчи май райондук сотуна мажбурлап алып келинген.

Сот башталарда Атамбаев ден соолугуна байланыштуу сот отурумумдарына катыша албасын билдирип, мамлекеттик айыптоонун өкүлдөрүн жана судьяларды «акмактар» деп атады.

«Мени күчкө салып алып келүү соттун чечими болгон, бирок мартта мен аларга каршы аракет кылганда омурткамды оорутушкан. Көрсө “акмак” прокурор Атамбаев кечээ сотто болгон, демек бүгүн да келе алат деп билдирген. Мени тез жардам менен муздак темирге отургузуп алып келип жатышат. Менин омурткаларымды да ушул акмактар оорутушту. Мен калыбыма келе элекмин, түшүнүп жатасыңарбы? Көп отурганга болбойт деген Кардиохриургия борборунун корутундусу бар. Бул жөн гана кыйноо, ал уланып жатат. Прокурор дайыма ушинтип келжирерин мен билем. Билесиңерби, мен Сокешке (экс-президент Сооронбай Жээнбековго — ред) бийликти өткөрүп берип жатканда ошол жерде акыркы болуп Зулушев (башкы прокурор Курманкул Зулушев) болгон жана Саке чоң сумма алганын айткан. Булар алган акчаларын актап жатышат. Акмактар», — деди Атамбаев сотто.

Атамбаевдин бул сөздөрүнөн кийин залга судья кирип, процесс башталганын жарыялады, бирок мурдагы президент ага «Эй, оозуңду жап акмак» деп кыйкырып, кабинанын айнегин тепкилей баштады. Бул аракеттеринен кийин Атамбаев сот залынан чыгарылды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге бир нече кылмыш иши козголгон.

Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши боюнча мурдагы президент 11 жыл 2 айга соттолгон. Учурда сот Атамбаевге карата үч кылмыш ишин карап жатат: 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы, анда 200дөн ашык киши түрдүү жаракаттарды алып, бир спецназцы каза тапкан, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция жана Кой-Таш айылындагы жер тилкеси боюнча иштер. Бул иштердин баары бир өндүрүшкө бириктирилген. Ушул эле Биринчи май райондук сотунда 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык жаңжал иши да каралып жатат, бул иште Атамбаев кызмат абалынан кыянат пайдаланууга айыпталып жатат.

Атамбаев өзүнө козголгон кылмыш иштерин саясий куугунтук деп баалап, аларды «ойдон чыгарылган» деп атаган.

Учурда Алмазбек Атамбаев Молдовановка айылындагы №27 колонияда. Анын тарапташтары Атамбаевдин ден соолугу өтө солгундаганын айтып келишет. Ал эми бийлик мурдагы президентке «абак ичинде бериле турган шарттын баары түзүлгөн» деп келет.

Тема боюнча окуңуз:

Июнь окуясы: Жапаров, Ташиев, Келдибеков жана Мамытов сотко чакырылат