Телевизору, интернети бар. Ташиев Атамбаевге колонияда бардык шарттар түзүп берилгенин айтты

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев «Новые лица» басылмасына курган маегинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колонияда кармоо шарттары тууралуу айтып берди. Анын айтымында, азыркы бийлик Атамбаевге бардык керектүү шартты түзүп берген.

«Алмазбек Шаршеновичтен сурап көрсөңүздөр, тескерисинче ал абак ичинде бериле турган шарттын баары түзүп берилгени үчүн азыркы бийликке рахматын гана айтат», — деди ал.

Ташиев мурдагы президенттин туугандары №47 колонияга Атамбаевге каалаган убакта барып жүрүшкөнүн, андан тышкары, анын өзүнчө бөлмөсү, ал жерде сыналгы, компьютер жана телефон болгонун белгиледи.

«Мисалы, ошол эле №47 колонияны айталы. Биз аны бул жерде ТИЗОдо, камерада кармасак болмок. Бирок биз “Андай болбойт, кантсе да мурдагы президент. Келгиле ага ушундай мүмкүнчүлүк берели” дедик», — деп белгиледи Ташиев.

Учурда, Ташиевдин айтымында, Атамбаев башка колонияда кармалууда, чынында кайсында экени эсинде жок.

«Ал жерде дагы бардык шарттар түздүк, бөлмөнү оңдоп бердик. Эмнени кааласа баарын жасап бердик. Кондиционер орнотуп бердик. Телевизор коюп бердик. Компьютер киргизилип берилген. Интеренети бар. Туугандары, үзөңгүлөштөрү жана башкалар, кимиси кааласа кире алат», — деди Ташиев.

УКМКнын башчысы Атамбаевди адамга ылайыкталбаган шартта кармап, кыйноого алышкан делген маалыматтарды дагы төгүнгө чыгарды.

Атамбаевдин саламаттыгынын начарлашы жана ага каршы кылмыш иштери

Атамбаевдин авдокаттары мурдагы президентти колониядан дарылануу үчүн ооруканага которбой жатышканын бир нече жолу айтышкан. Мурдагы президентти саламаттыгы начарлап кеткенине байланыштуу бир нече жолу сот залынан тез жардам менен алып кетишкен.

Кыйноолорго каршы улуттук борбору мурдагы президент мажбурлап сотко алып келинип жаткандыктан ден соолугу кескин начарлап кетип жатканын билдирген.

Мурдагы президент укук коргоочуларга отурганга да, турганга да мүмкүнчүлүк бербей жаткан бел ооруусун айтып даттанган. Ошондой эле бир аз кыймылдаса дем жетишпей, колу жана бутун сезбей калып жатканын айтып берген.

№47 колонияга караштуу дарылоо жана түзөтүү мекемесинин башкы дарыгери Атамбаев толук текшерүүдөн өтүүгө, Саламаттык сактоо министрлигинин адистеринин кеңешине жана дарылоого муктаж экенин айткан.

Май айынын аягында Алмазбек Атамбаев Улуттук кардиология борборуна жаткырылганы белгилүү болгон. Анда адвокат Жоошев мурдагы президенттин абалы дагы деле оор бойдон калууда деп билдирген.

«Туура бир ай мурда Биринчи май райондук сот Атамбаевге медкароодон өтүүгө уруксат берген. Ал стационардык түрдө дарыланат. Ал жакта канча убакыт болору белгисиз», — деген ал.

Апрелде Атамбаевди Бишкектеги №47 колониядан Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №27 колонияга которушкан. Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун Кой-Таш айылындагы резиденциясы эки күнгө созулган штурмдан кийин 2019-жылы 8-августта кармалган.

Алмазбек Атамбаевге бир катар кылмыш иштери козголгон. Ал Кой-Таш окуясы, Түркиянын жарандарына паспортторду мыйзамсыз берүү, «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, Бишкектеги «Калыс-Ордо» конушундагы мектеп куруудагы жана ЖЭБди жаңыртуудагы коррупцияга байланыштуу иштердин фигуранты.

ТЕМА БОЮНЧА: Кой-Таш окуясы Жээнбековдун режимин кулатып, азыркы укуктук башаламандыкка алып келди — Атамбаев