Улуттук банк мыйзам бузган 23 акча алмаштыруучу жайга 1,2 миллион сом айып пул салды

2022-жылдын башынан бери Улуттук банк мыйзам бузганы үчүн 23 акча алмаштыруучу жайга 1,2 миллион сом айып пул салды. Бул тууралуу аталган банктын басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук банк «курстун айырмасынан пайда көрүү максатында алып-сатарлык операцияларды жүргүзүү» өлкөдөгү доллардын тартыштыгына алып келген себептердин бири экенин айтты. Бирок, банк акча алмаштыруучу жайлар так кайсы мыйзамды бузганын ачыктаган жок.

«Валюта рыногунун катышуучуларында чет өлкөлүк валюта бар болсо аны чектөөсүз сатууга милдеттүү», — деп билдиришти өлкөнүн негизги банкынан.

Улуттук банк ушундай эле негизде 39 ишкерге жалпы суммасы 682 миң сом айып салынганын кошумчалады.

Ал эми бир жыл ичинде 121 акча алмаштыруу бюросу жана 54 жеке жак лицензиясы жок иштеп келгени аныкталды. Улуттук банктын талаптарын аткарбаган 47 бюронун лицензиясы токтотулуп, алты акча алмаштыруучу жайдын уруксаты жокко чыгарылды.

Ошондой эле, бир жылда Улуттук банк коммерциялык банктарга «Кыргызстандагы мыйзам талаптарын так аткаруу» зарылдыгы жөнүндө 60 көрсөтмө, 31 эскертүү жана 13 сунуш берилди.

Согуштан улам жаралган валюта көйгөйү

Орус армиясы Украинага ири алкакта кол салгандан тартып Орусияга карата олуттуу экономикалык санкциялар салынган. Бул Орусияда накталай доллардын тартыштыгын пайда кылган.

Мындан улам Орусияда 1-марттан баштап, өлкөдөн накталай доллар алып чыгууга чектөө коюлган — бир адам 10 миң доллардан ашык алып чыга албайт. Ушундай эле чектөө марттын ортосунда Казакстанда дагы киргизилген.

Улуттук банк мындай чаралар Кыргызстанда рубль, теңге жана доллар менен акча которуулардын көбөйүшүнө алып келди деп билдирген.

«Өлкөдөн чет элдик валютаны чыгарууга/киргизүүгө тыюунун жоктугунан пайдаланып, [чет элдик валютаны акча которуу менен] алгандар накталай АКШ долларын чоң көлөмдө Кыргызстандан чыгарып кеткен жана чыгарып жатышат», — деп белгилешкен Улуттук банктан.

Кызыл кулактык менен күрөшүү үчүн Улуттук банк айрым чектөөлөрдү киргизген — 18-апрелден тарта кыргыз банктары эл аралык акча которууларды кайсыл өлкөнүн валютасы менен которулган болсо, ошол валютада же сом менен гана берет.

Мындан тышкары, эми коммерциялык банктар акча алмаштыруучу жайлар менен бир күндө ошол акча алмаштыруучу жайдын жүгүртүүсүнөн ашпаган суммага гана валюта соодасын жүргүзө алышат.

Тема боюнча:

Улуттук банк 29 акча алмаштыруучу жайды лицензиясынан ажыратты