Абактагы активист Рита Карасартованын ден соолугу кескин начарлап кетти

Рита Карасартова. Сүрөт: 24.kg

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камалган активист Рита Карасартованын ден соолугу кескин начарлап кетти. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Карасартованын кызы Касиет Мамырбайдын айтымында, апасы тергөө абагында медициналык кароодон өткөндө калкан бези жабыркап, лимфа бездери эки жеринен шишип кеткени аныкталган. Учурда ал тергөө абагынын ооруканасында дарыланып жатат.

5-декабрда Биринчи балдар хосписинин жетекчиси Ольга Труханова Карасартованын саламаттыгы начарлаганын өзүнүн фейсбугунда жазып, Кыйноолорго каршы улуттук борбордон жана Акыйкатчы институтунан аны ооруканага которууга жардам сураган.

Рита Карасартова — Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындаганы үчүн октябрдын аягында кармалган 30га чукул активист жана саясатчылардын бири. Алар «Массалык башаламандыктарды уюштурууга» аракет кылган деп айыпталышууда.

Ал эми 17-ноябрда кыргыз парламенти кыргыз-өзбек чек ара макулдашуусун ратификациядан өткөрүп, макулдашууга эки өлкөнүн президенттери кол койду.

ТЕМА БОЮНЧА:

Рита Карасартова: Кемпир-Абадды коргоп түрмөгө түшүү — мен үчүн тарыхый окуя

Абактан кат: Рита Карасартова «Азаттыктын» бөгөттөлгөнүн сынга алды

Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек ара келишимин ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду