Абактан кат: Рита Карасартова «Азаттыктын» бөгөттөлгөнүн сынга алды

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камалган активист Рита Карасартова абактан кат жазды. Анда ал «Азаттыктын» сайтынын эки айга бөгөттөлүшүн сынга алды.

«СИЗОдо отуруп "Азаттыктын" сайты эки айга жабылганын угуп капаландым. Өмүрүндө эч нерсе жаратпай, өстүрбөй туруп “жапкыла, жок кылгыла” деп жеңил-желпи сүйлөгөндөр көбөйдү»,— деп жазды ал.

Карасартова бийлик мурдатан «Азаттыкка» кысым көрсөтүп келгенин белгиледи. Ал «Кыргызстанда чындыкка, эркин ЖМКга, иликтөөчү жарналистерге муктаж болбой калганыбыз кандай?» деп суроо салды.

Сөз эркиндигине болгон басым

Кыргыз бийлиги 26-октябрда «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөгөн.

Бийлик медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу чыккан материалды «улуттук кызыкчылыктарга каршы келет» деп айыптап, бөгөттөөгө ушул негиз болгонун билдирген.

«Азаттыктын» өзүнөн Маданият министрлиги айтып жаткан материалды талдап чыгышканын жана анда стандарттардын бузулганы аныкталбаганын билдиришкен.

Ал эми 31-октябрда «Азаттык Медианын» DemirBank’тагы эсеби бөгөттөлгөн. Финчалгын кызматынан бөгөттөөнүн себебин УКМКнын расмий катына ылайык «Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине» киргизилгени менен түшүндүрүшкөн.

Кыргызстандагы ЖМК өкүлдөрү басылманын бөгөттөлүшүнө кескин түрдө нааразычылыгын билдирип, акыркы убакта сөз эркиндигине жана массалык маалымат каражаттарына басым күчөгөнүн белгилешкен. Алар ЖМКларга каршы ар кандай митингдер жана каралаган кампаниялар уюштурулуп жатканын айтышып, ал эми буга тиешелүү органдар көңүл бурбай жатканын сынга алышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Финчалгын «Азаттыктын» эсебин бөгөттөө себебин түшүндүрдү

«Азаттыктын» банктык эсеби мыйзамга ылайык бөгөттөлгөн — «Демирбанк»

Депутат Бекешев: «Азаттыктын» эсебин бөгөттөө инвестициялык климатка терс таасир этет