Актёр Чыңгыз Мамаевдин кылмыш иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү

Чыңгыз Мамаев

Зордуктоого шектелип кармалган актёр Чыңгыз Мамаевдин кылмыш иши Свердлов райондук соту тарабынан кайрадан тергөөгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Бишек шаардык сотунан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, аталган чечим 22-ноябрда «Тергөөнүн кемчиликтерин толуктоо үчүн» кабыл алынган.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында актёр Чыңгыз Мамаев чет элдик аялды зордуктоого шектелип кармалган. Алгач ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу изоляторуна киргизилген. Кийин Свердлов райондук соту Мамаевди 30-августка чейин ТИЗО-1ге камакка алган.

Театр жана кино актёру Чыңгыз Мамаев 2012-жылы акын Алыкул Осмонов тууралуу «Мезгил жана Алыкул» аттуу биографиялык тасмада башкы каармандын ролун жараткан.

Ал эми актёрдун жубайы Элмира Тагаева жолдошуна коюлган айыптарды негизгиз деп билдирген. Анын айтымында, экспертизанын жыйынтыгында Мамаевден био-материал табылган эмес. Ошондой эле ал «доо арыз жазган адамдар жолдошунун кызуу абалынан пайдаланышкан» деген пикирде.

Аны менен катар 17-июлда төкмө акын Аалы Туткучев, Нуркан Турсунбаев, Күмөндөр Абылов баштаган маданият кызматкерлери президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, камакта жаткан актёрдун ишин акыйкат тергөөнү өтүнүшкөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Актёр Чыңгыз Мамаев зордуктоого шектелип кармалды

Элмира Тагаева: Жолдошум Чыңгыз Мамаевди айыптаган берене туура эмес деп ойлойм