Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Жапонияга учуп барып келген Embraer Legacy 600 үлгүсүндөгү учак. Кыргыз бийлиги өз муктаждыгы үчүн ушундай учактардын бирин сатып алууну пландап жатат. Сүрөт: Milan Cibulka / Jetphotos

Өкмөт бюджеттеги жыртык-тешиктин айынан жада калса кагаз үчүн чыгымдарды кыскартып, көмүр жана электр энергиясы үчүн деп 25 млн доллар карыз алып жаткан чакта президент менен премьер-министр жеке учак жалдап дүйнө кыдырып гана тим болбостон лизингге мындай учактан бирди сатып алууну пландап жатышат. Болжолдуу баасы 26 млн доллар турган бизнес-джетти өлкөдө эң эле кечиктирилгис муктаждыктарга так эле ушундай сумма керек болуп турганда сатып алууга кантип моюндары жар берет?

Бул материал «Пикирлер» рубрикасында жарык көрдү. Колонкада авторлордун жеке ою чагылдырылат.

5-декабрда Кыргызстан Казакстан менен Түркмөнстандан көмүр, газ жана электр энергиясын импорттоо үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 50 млн доллар карыз алууну пландап жатканы белгилүү болгон. Бул каражаттын 25 млн доллары кийин үстөк пайыздары менен төлөнүүчү кредит. Ошол эле кезде президенттин администрациясы өлкөнүн биринчи адамдарын чет элдик сапарларга ташып туруу үчүн лизингге Embraer же Bombardier үлгүсүндөгү жеке учакты сатып алууну пландап жатат. Бул учак болжолдуу ушундай эле сумманы чапчыйт.

А бирок президент Садыр Жапаров менен премьер-министр Акылбек Жапаров бир нече айдан бери Бишкектен 250 чакырым ары жайгашкан Алматы шаарын кошуп бизнес-джетте түрдүү өлкөлөргө каттап жүрүшөт. Бул сапарларга ондогон миллион сомдор кетет. Чиновниктер кимдин эсебинен каттап жүргөнү дайыма эле түшүнүктүү боло бербейт.

5-декабрда Temirov Live’дын журналисттери Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Embraer Legacy 600 үлгүсүндөгү жеке учак менен Жапонияга иш сапары 10 млн сомго айланганын айтып беришкен. Минкабдын башчысына чейин ушул эле учакта президент Садыр Жапаров учууга үлгүргөн. Октябрдын аягында президент Embraer Legacy 600 менен Алматыга барып конгон.

Анда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кыргыз тарап күйүүчү майга гана чыгым болгонун, учакка ээлик кылган компания бортту сатып алуу мүмкүнчүлүгү каралып жаткандыктан сыноо үчүн үчүн акысыз берип турганын билдирген.

«Биз учурда аталган борттордун бирин лизингге сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз. Биз бул мүмкүнчүлүктү биргеликте караштырып жаткан компания бортту бизге Астанага акысыз берди. Жакын арада борттордун бирин сатып алуу боюнча чечим кабыл алынат», — деген ал 29-октябрда.

Аны сатып алуу үчүн өлкө канча чыгым болорун Султанбеков тактап айткан эмес. Бирок, Jets авиациялык порталынын маалыматына ылайык, жаңы Embraer Legacy 600 үлгүсүндөгү учак 26 млн доллар болот — бул дал ошол көмүр жана электр энергиясы үчүн алынып жаткан карыздын суммасы.

Садыр Жапаров иш сапарларына жеке учак жалдап көп эле чыгып жүрөт. Жапаровдун администрациясы муну учурдагы №1 ТУ-154 борту майды көп сарптап, ошондой эле эскирип калгандыктан айрым өлкөлөр кабыл албай жатканын айтып түшүндүргөн. Бул чындык: совет доорундагы учактар, мисалы, үнүнүн катуулугу боюнча Европанын ченемдерине жооп бербейт.

Бирок бизнес жана биринчи классы бар бир топ эле ыңгайлуу жарандык каттамга чыккан учактар бар, ал эми дүйнө аэропортторунда, анын ичинде «Манаста» бардык шарты бар вип-залдар бар. Анан калса бул каттамдарга отургандан жада калса бай өлкөлөрдүн биринчи адамдары деле тартынбайт. Андай тажрыйба кыргыз президенттеринде деле бар.

Жапаровго чейин иштеген экс-президент Сооронбай Жээнбеков расмий, анын ичинде АКШга жасаган сапарында бир нече жолу кадимки эле жарандык каттамды колдонгон. 2010-жылдын сентябрында президент Роза Отунбаева дагы БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко кадимки эле учак менен жөнөгөн. Анда иш сапардын алкагында 250 миң доллар үнөмдөлгөнү айтылган.

Президенттердин жеке учактарда учуусу негизи кадимкидей эле тажрыйба. Бирок андай учууларды өлкөдө кечиктирилгис муктаждыктар үчүн ашыкча каражат бар учурда этикага жатат деп айтса болот. Ал эми сөз бюджеттеги жыртыгы быйылкы жылга карата 35 млрд сомго өлчөнүп жаткан Кыргызстан тууралуу болуп жатканда антип айтуу кыйын.

2018-жылы президент Сооронбай Жээнбеков АКШга жарандык каттам менен учкан. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Бийлик бюджеттеги рекорддук таңкыстыктын бирден бир себеби катары Баткен облусундагы калыбына келтирүү иштерин атап жатат Ал жакта Тажикстан менен болгон ири масштабдуу куралдуу кагылыштан кийин жүздөгөн турак жай жана башка объектилер кыйраган.

Бирок чек ара жаңжалы 14-17-сентябрда болгон, ал эми өлкө башчысы үчүн импорттук жеке учак сатып алуу ниети бар экенин Жапаровдун басма сөз катчысы 29-октябрда билдирген — арадан бир жарым ай өткөндөн кийин. Бул убакта кыйроонун масштабы белгилүү эле болуп калган, ошондо эле өлкө бюджети пландалбаган чыгашаларга учурары түшүнүктүү болгон. Анткен менен чиновниктер ошол убакта өздөрүн кымбат баалуу сатып алуу менен кубантуу планынан баш тартышкан эмес.

Июнь айында БУУ 2022-жылдын аягына барып Кыргызстанда жакырчылык 38%га жетиши мүмкүн экенин белгилеген. Ноябрда БУУнун Айыл чарбаны өнүктүрүү эл аралык фондунун (IFAD) Кыргызстандагы аймактык директору Самир Бежауи азык-түлүктүн баасынын өсүшү жана жана айыл чарбасы үчүн ресурстардын тартыштыгы быйыл Кыргызстанда калктын аярлуу катмарын ачарчылыкка кептеши мүмкүн деген кооптонуусун айткан. Андан тышкары, жакында эле минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров бийлик пенсиянын минималдык өлчөмүн жашоо минимумуна чейин жеткирүү боюнча жаңы Конституцияда жазылган милдеттенмелерин аткара албасын моюнга алган.

Бир жагынан өкмөт үнөмдөөгө аракет кылып жатат. Парламент депутаты Элвира Сурабалдиева финансы министри Алмаз Бакетаевден мамлекеттик кызматкерлердин сый акылары, транспорт жана иш сапарларга чыгымдары эмне үчүн кыскарды деп сураганда, министр «Бардык эле беренелер боюнча кыскартып жатабыз. Кагазга [кеткен чыгымдарды] дагы» деп жооп берген.

Бирок экинчи жагынан үнөмдөгөндөрү тетири болуп жатат. Себеби ошол эле учурда өкмөт өз муктаждыгы үчүн 450 млн сомго электромобилдерди сатып алганы жатат. Эл аралык валюта фондунун декабрдагы прогноздору боюнча, Кыргызстанда бюджеттин чыгымдары салыктар жыйналып бүткүчө эле тездик менен өсүп жатат жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн чыгымдардын айынан бюджеттин таңкыстыгы 2023-жылдан тартып да, андан ары да азайбайт. Жагдай ушундай болуп жатканда өлкөнүн биринчи адамдары үчүн учак сатып алуу — чектен чыккандык. Ошол эле кезде өлкөдө чиновниктер башка өлкөдө жашап аткандай сыяктанат. Алсак, минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өкмөт башчысы Акылбек Жапаровдун Жапонияга барган сапары тууралуу Temirov Live’дын иликтөөсүнө комментарий берип жатып, бизнес-джеттер менен учууларды өлкөнү «стратосферага» алып бараткан «мамлекеттик зарылчылык», ал эми иликтөөчү журналисттерди «маргиналдык-артта калгандар» деп атаган.

Ал эми Жапаров эмне үчүн кадимки эле каттамдагы учакты пайдаланган жок деген суроого Байсалов ал «өтө көп убакытты алат», «минкабдын башчысы өлкө ичинде жана анын сыртында ыңгайлуу коммерциялык рейстерди колдонуп эле жүрөт» деп жооп берген.

Сентябрда Байсалов ушундай эле учуулар боюнча комментарий берип жатып «Биз “жакырчылык синдрому” менен биротоло коштоштук» деп билдирген. Бирок «биз» деп кимдерди айтып жатканын тактап айткан эмес.

Авторлор: Виктор Мухин, Мундузбек Калыков