Активист Өндүрүш Токтонасыровго үч миң сом айып салынды

8-декабрда милиция кызматкерлери кармап кеткен жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровго 3 миң сом айып салынды. Бул тууралуу «Клоопко» активист өзү билдирди.

«Мени “Тынчтык чогулуштарды өткөрүү эрежесин бузуу” беренеси боюнча 3 миң сом айып пул салышты. Мен бул чечим менен макул эмесмин жана сотко аппеляциялык арыз менен кайрылам», — деп билдир ал.

Активист аны кантип кармашканын айтып берди.

«Мен Айтматов менен Киев көчөсүнүн келишиндеги Орусиянын элчилигине баратсам, артыман жарандык кийимчен эркек киши жетип келип, милиция кызматкери экенин айтышты. Ал агрессивдүү болчу жана митингге барбагын деп айтты. Андан кийин жарандык кийимчен төрт милиция кызматкери келишти […]. Мени унаага салып РИИБге алып барышты. Мени коркутуп, агрессивдүү формада психологиялык басым кылышты», — деп айтып берди.

Ошондой эле активист, телефонун тартып алып, бузуп киришкенин айтып берди. Ошондой эле, ал өзүн Орусиянын элчилигине жете электе эле кармашканын да баса белгиледи.

8-декабрда активист Өндүрүш Токтонасыров кармалганын укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова фейсбук барагында билдирген.

«Ал жада калса ордуна туруп, плакатты ачууга деле үлгүрбөй калды. Милиция кызматкерлери алып кетишкен, алардын жанында УКМК кызматкерлери да болгон. Ошондон бери байланышка чыга элек», — деп билдирген Абдирасулова.

Биринчи Май райондук милициясынан «Клоопко» кийинчерээк маалымат берүүнү убадалашкан.

Буга чейин жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Орусиянын Украинага кол салганына нааразычылык билдирип, бир нече ирет митинг өткөргөн.

Буга чейин «Клоопко» президенттик администрация 9-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин ЕАЭБ саммитине катышуу үчүн Бишкекке келерин кабарлаган.

Бул жылы Евразия экономикалык биримдигине Кыргызстан төрагалык кылып жатат. Быйылкы саммит Бишкекте өтөөрү биримдикке мүчө өлкөлөрдүн жетекчилерине жыл башында эле белгилүү болгон.

Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков орус президенти Кыргызстанга келерин ноябрдын башында эле айткан. 4-декабрда ТАСС Песковго таянып, Путин Евразиялык биримдиктин саммитине катышуу үчүн Бишкекке 5-11-декабрда келерин билдирген.

Мындан үч күн мурун Биринчи май райондук соту борбор калаада Жаңы жылга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салган. Анын ичинде Ала-Тоо аянтына, ага чектеш эркиндик бульварында Линейная көчөсүнөн Чүйгө чейин, Жогорку Кеңештин, президенттик администрациянын, Жогорку соттун, Орусия элчилигинин жана УКМКнын имаратынын алдына тыюу салынган.

Жаңы жылга чейин борбор калаада митингдерди өткөрүүгө тыюу салынышы Путиндин сапары менен байланышы барбы деген «Клооптун» суроосуна президенттик администрация тыюу салууну киргизген райондук сотко кайрылууну өтүнгөн. Бирок экспертер байланышы бар деп эсептешет.