Милиция: Бишкектеги бир нече мектепке бомба коюлганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт

Сүрөт: Kaktus.Media

9-декабрда Бишкектеги мектепттердин имаратына бомба коюлганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 8:25 чамасында №4 мектеп-гимназиянын электрондук почтасына бомба тууралуу билдирүү түшкөн. Жерине барган милиция кызматкерлери имаратты курчоого алып, окуучулар менен мугалимдерди эвакуациялаган. 

Бирок текшерүүнүн жыйынтыгында имараттан эч кандай жардыруучу зат табылган эмес.

Ал эми Kaktus.media басылмасы Бишкектеги жалпы 11 мектепке бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшүп, окуучулар эвакуацияланганын жазды. Бирок Бишкек ШИИБи жалпы канча мектептен бомба тууралуу билдирүү түшкөнүн ачыктаган жок.

Ал арада 9–10-декабрь күндөрү борбор калаадагы мектептерде окутуу онлайн болору кабарланды. Мындай чечим Бишкекте өтүп жаткан Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына карата жолдордун маал-маалы менен жабылышына байланыштуу экени айтылды.

Буга чейин, 30-ноябрда дагы шаардагы №67 мектепке жардыруучу зат коюлганы тууралуу билдирүү түшүп, окуучулар эвакуацияланган. Текшерүүнүн жыйынтыгында эч кандай жардыруучу зат табылган эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: №67 мектептин окуучулары бомба тууралуу билдирүүдөн улам эвакуацияланды