«Бирдей мүмкүнчүлүктөрдү күтүүдөбүз». Бишкекте майыптыгы бар адамдар акция өткөрдү

9-декабрда майыптыгы бар жарандар Бишкекеги ЦУМ соода борборунун жанындагы жер астындагы өтмөктө акция өткөрүштү. Алар деңиз пилин (Ждун) элестеткен кийимдерди кийип алып, бийликтен тең укуктуулукту талап кылышты.

Иш чара 10-декабрь Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата өттү. Анда төрт активист «Биз бирдей мүмкүнчүлүктөрдү күтүүдөбүз» деген жазуусу бар кагазды кармап турса, бешинчисинин колунан «Күтүп жатам» деген жазуусу бар кагазды көрүүгө болот.

Акциянын уюштуруучусу жана «Теңдик» майыптыгы барлар биримдиги уюмунун төрайымы Гүлмира Казакунова майыптыгы бар адамдар башка кишилердей эле укукка ээ болушу керектигин белгилеп, бирок бийлик аларга көңүл бурбай жатканын айтты.

«Бизге эч кандай мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн жок, биз билим алуу жана жумушка орношуу укугун пайдалана албайбыз. Биз эч кандай мекемеге ээн-эркин кире албайбыз. Коомдук транспортту ээн-эркин пайдалана албайбыз. Биз күткөн деңиз пилинин (Ждун) образын тандап алдык», — деди ал.

Ошондой эле, акциянын катышуучусу Света Эсенказиева коомдук транспортко майыптыгы барлар коляскасы менен кире албай турганын белгиледи.

«Биз автобуска түшө албайбыз, кире албайбыз. Айдоочулар бизди алып кетпейт. Троллейбустарда да ушундай эле көйгөй», — деди ал.

Кыргызстанда эң аз дегенде 197 миң адамдын майыптыгы бар. Алар үчүн инфраструктура ыңгайсыз, коомдук транспорт менен толук кандуу пайдалана алышпайт. Ошондой эле алар иш таба албай, коом тарабынан кабыл алынбай келишет.

2019-жылдын 14-мартында кыргыз бийлиги майыптардын укуктары боюнча Бириккен улуттар уюмунун конвенциясынын ратификациясына кол койгон. Кыргызстан өлкөдө жашаган 200 миңге жакын майыптардын укуктарын сактоого жана коргоого милдеттенме алган. Анткен менен азырынча бул жаатта алгылыктуу иштер аткарыла элек.

Тема боюнча:

«Стереотипти азайтып, укук коргоо». Майыптыгы бар жарандар Ысык-Көлдө жөө жүрүшкө чыгышты