Улуттук адабият күнүндө «Алтын калем» адабий сыйлыгы тапшырылды

Сүрөт: Маданият министрлиги

12-декабрь Улуттук адабият күнүнө карата Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында «Алтын калем» адабий сыйлыгы тапшырылды.

Сыйлыкты проза жанрында жазуучу жана адабият таануучу Абдыкерим Муратов, драматург Алтынай Темирова жана поэзия жанрында Нарсулуу Гургубаева алды. Жеңүүчүлөргө диплом, статуэтка жана ар бирине 100 миң сомдон байге тапшырылды.

Маалыматка ылайык, конкурска драма жанры боюнча жалпы 8 автор, поэзия жанры боюнча 29 автор, проза жанрында 19 автор чыгармалары менен катышты.

Майрамдык салтанат Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын чыгармачыл жамааты тарабынан даярдалган программа менен коштолуп, Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карыткан бир күн» спектакли көрсөтүлдү.

«Алтын калем» сыйлыгы былтыр биринчи жолу тапшырылып, ага жалпы тогуз автор татыктуу болгон. Аталган сыйлыктын жобосуна ылайык, проза, поэзия, драматургия жанрлары боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, ар бирине 100 миң сомдон акчалай байге тапшырылат.

12-декабрь улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана улуу акын Алыкул Осмоновдун көзү өткөн күнү. Буга байланыштуу 2011-жылы акын-жазуучулардын демилгеси менен Жогорку Кеңештин депутаттарынын колдоосунда бул күн Адабият күнү деп белгиленген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Улуттук адабият күнүндө бир катар калемгерлер сыйланды

Улуттук жазуучулар союзу карызын төлөө үчүн марафон өткөрөт