УКМК блогерди акча опузалоого шектеп кармады

УКМКнын кызматкерлери интернет-блогерди акча опузалоого шектеп кармады. Була тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, блогер Ала-Бука райондук мамлекеттик мекемесинин жетекчисинен «социалдык түйүндөрдө ар кандай чагымчыл макалаларды жарыялоону токтотуу» үчүн опузалап акча талап кылган.

«2022-жылдын 12-декабрында Д.С.М. 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган», — деп айтылат мекеменин маалыматында.

Блогердин кармалуусу. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

Акыркы бир нече айда ИИМ жана УКМК бир катар блогер жана активисттерди кармаган. Мисалга, Кемпир-Абад иши боюнча блогерлер Атай Бейшенбек, Эрлан Бекчоро жана Али Шабдан кармалган.

Ошондой эле, акча опузалоого шектелип ноябрдын башында журналист Санрабия Сатыбалдиева да кармалган. Ал төрт айлык боюнда жана эки жаштагы кызы бар экенине карабастан бир суткага убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Журналист кийинчерээк боюнан түшүп калуу коркунучу жаралгандыктан ооруканага которушкан, бирок убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери дарыгерлер ооруканада калтыруу керектигин айтканына карабстан кайрадан камерага алып барышкан. Натыйжада журналистке акыйкатчы Атыр Абдрахматова жана адвокаттар кирип чыгышкан — алар журналистти ооруканага котортуп, милиционерлер тараптан адамгерчиликсиз мамиле кылынганын билдиришкен. Андан кийин Сатыбалдиеваны эч кайда кетпөө тил каты менен бошотулган.