ИИМ: Журналист Болот Темиров Кыргызстанга беш жыл кире албайт

Кыргызстандан депортацияланган иликтөөчү журналист Болот Темировго өлкөгө кирүүгө беш жылга тыюу салынды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев парламенттин 14-декабрдагы жыйынында айтты.

Ал мыйзамдарга ылайык, административдик укук бузуулар үчүн депортациялангандан кийин өлкөгө кирүүгө эки жылга, анча оор эмес кылмыштар үчүн беш жылга, ал эми өтө оор кылмыштар үчүн — өмүр бою тыюу салынарын айтты.

«Мисалы, Болот Темировго [канча мөөнөт] болот? […] Анда бул кишиге беш жыл берилет турбайбы э?» — деп сурады Сеидбек Атамбаев.

Министрдин орун басары ооба деп жооп берди.

Темировдун өлкөдөн чыгарылышы

Бишкек шаардык соту 23-ноябрда журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгарып жиберүү чечимин кабыл алган. Соттун чечиминен кийин дароо эле Болот Темировду сот залынан күчтөп алып чыгып, унаа менен белгисиз тарапка алып кетишкен.

Үч сааттан ашык журналисттин дайыны белгисиз болгон — Темировду Бишкектин убактылуу кармоочу жайларынан да, атайын кармоочу жайлардан да таппай коюшкан. Кийинчерээк Темировдун адвокаты Баатыр Ботобеков «Клоопко» Темировду «күчкө салып кармап, жашырып» жатышат деп билдирген.

Кечке жуук Ботобеков Темировду издеп «Манас» аэропортуна келген. Ал жерден адвокат аэропорттогу милиция бөлүмүнө барып сураганда «Темировду эч ким алып келбегенин» айтышкан.

Парламент депутаттары, көзкарандысыз юристтер, медиа коомчулук жана эл аралык уюмдар журналист өлкөдөн күч менен чыгарылган айыптап, сот чечимин жокко чыгарууну талап кылышкан. Алардын баары журналистти жарандыктан ажыратуу менен өлкөдөн сыртка чыгарууну — Темировдун конституциялык укугун бузуу жана «чектен ашкан куугунтук» деп эсептешет.

Ошол эле кезде ИИМдин өкүлдөрү Темиров Кыргызстанда төрөлгөнүн, бирок өлкө жараны болуп эсептелбейт деп билдиришкен.