«ПолитКлиника»: Чолпон-Атадагы маданият үйүнүн жери кримтөбөл Көлбаевдин апасына өтүп кеткен

«ПолитКлиника» басылмасы Чолпон-Атанын борборундагы жергиликтүү Маданият үйү турган муниципалдык жер кантип белгисиз жагдайларда жеке менчикке өтүп кеткени тууралуу чакан-иликтөөсүн жарыялады. Материалда аталган жер учурда мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевдин апасына таандык экени айтылат.

Жергиликтүү Маданият үйү жайгашкан жер белгисиз жагдайларда жеке менчикке өтүп кеткенин 15-декабрда «Азаттык» дагы видеосюжетинде айткан.

«ПолитКлиниканын» журналисттери «Азаттыктын» сюжетинен кийин кадастрдык документтерди изилдеп чыгып, Маданият үйүнүн жери учурда Көлбаевдин апасы Мая Алиевнын наамында экенин аныкташкан. Ал жерге «Барашек» кафесинин терассасы курулуп, аянты аянты кеңейтилген.

Журналисттердин маалыматына ылайык, Алиева «Барашектин» имараты турган жер тилкесин 2009-жылы Гүлнара Акматбаевдан сатып алган. Акматбаева — 2006-жылы атып өлтүрүлгөн өлкөдөгү эң белгилүү кримтөбөлдөрдүн бири Рыспек Акматбаевдин тууганы. Кийин, 2016-жылы кафе мурда Маданият үйү турган жерге жайкы терасса салып, аянтын кеңейтип алган.

Жергиликтүү айрым аткаминерлер «Азаттыкка» курган маегинде муниципалдык жер кандайча жеке менчикке өтүп кеткенин билишпесин айтышкан. Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри Акылбек Саралаев жер тилкеси конкурстук негизде сатылганын, ал эми шаардын дагы бир экс-башчысы Болот Бакиров аталган жер дагы деле муниципалдык экенин билдирген. Бул округдан шайланып келген парламент депутаты Максат Сарыбагыш бул иш боюнча текшерүү жүргүзүү үчүн маселе көтөрүп жатканын айткан.

Көлбаев деген ким?

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Камчы Көлбаевди Кыргызстандагы «кримдүйнөнүн анабашы» деп эсептейт. Көлбаев «мыйзамдагы таажылуу ууру» катары таанымал.

2012-жылы АКШнын президенти Барак Обама эң чоң баңги төбөл катары Көлбаевди «кара тизмеге» киргизген. Ал эми 2017-жылы болсо АКШнын Финансы министрлиги да аны «кара тизмеге» киргизип, Көлбаевди «Братский круг» эл аралык кылмыштуу топтун бир бөлүгү деп билдирген. Ал «Коля кыргыз» деген ат менен дагы белгилүү.

Камчы Көлбаев ИИМде уюшулган кылмыштуу топтун лидери катары каттоого алынган. Ведомствонун маалыматына ылайык, 2018-жылы ага 424 адам кирген.

Камчы Көлбаев 2020-жылдын октябрында кармалган. УКМКдан Көлбаев «уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигине жол бербөө жана аныктоо боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында» кармалганын билдирген. Ал «Кылмыштуу уюм түзүү же ага катышуу» боюнча айыпталган. Ноябрда ал №47 түзөтүү абагына киргизилгени белгилүү болгон.

Бирок, 2021-жылдын 2-мартында Бишкек шаардык соту кримтөбөл Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасын эч жакка кетпөө жөнүндө кол катына өзгөрткөн. Ноябрда УКМК Көлбаевди мамлекеттик чек ара режимин бузгандыгы үчүн кайра колго түшүргөн, бирок андан кийин протокол гана түзүп, коё берген.

Тема боюнча окуңуз: Көлбаев менен байланыш

Башкы беттеги сүрөт: Kaktus.media.