Кыргызстандык спортчулар кикбокс боюнча Азия чемпионатында алтын, күмүш жана коло утушту

Кыргызстандык спортчулар Аброр Хакимов жана Адилет Улан уулу Бангкокто өтүп жаткан кикбокс боюнча Азия чемпионатында алтын жана күмүш медалдарды утушту.

Хакимов «лоу-кик» дисциплинасы боюнча 71 килограммга чейинки категорияда алтын тагынды. Ал финалда өзбекстандык спортчуну утуп алды.

Ал эми Улан уулу «К-1» дисциплинасында 60 килограммга чейинки категорияда өзбек спортчусуна багынып, күмүш медалга ээ болду.

Мындан сырткары кыргызстандык спортчулар Азамат Кудайбердиев, Сыймык Базылов жана Салиха Гобоева коло медалдарга ээ болушту.

Буга чейин спортчу Авазбек Аманбеков да алтын медаль тагынган.

Ушул дем алыш күндөрү Таиланддын борбору Бангкокто кикбоксингдин WAKO багыты боюнча Азия чемпионаты өтүүдө.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстандык спортчу Авазбек Аманбеков кикбокс боюнча Азия чемпиону болду