Экс-премьер Сариев Соода-өнөр жай палатасынын президенти болуп шайланды

Соода-өнөр жай палатасынын президенти болуп мурдагы өкмөт башчысы Темир Сариев шайланды. Бул тууралуу маалыматты «Клоопко» ведомтствонун басма сөз кызматы тастыктады.

Сариев бул кызматка көпчүлүк добуш менен шайланды. Палатанын президенттик кызматы үчүн добуш берүү учурунда Сариев ведомство ишкерлер үчүн шарттарды түзөт деп убада кылды.

Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилик кызматына Сариев менен кошо ишке Жоодар Сайдилкан да талапкерлигин көрсөткөн. Сайдилкандын өзүнүн айтымында, ал шайлоого катышуудан баш тарткан жана анын жыйынтыгын тааныбайт.

«Соода-өнөр жай палатасынын уставында бир мүчө бир добуш деген эреже жазылган. Жыйында бардык мүчөлөр добуш бериши керек болчу. Булар болсо делегаттарды жашыруун түрдө өздөрү тандап алышкан. Бир мүчө бир добуш деген [принцип] камсыз кылынган жок. Мен бул ыплас шайлоону тааныбайм деп чыгып кеттим», — деди ал «Азаттыкка» курган маегинде.

Ишкер мындан ары Соода-өнөр жай палатасына мүчөлүгүн да токторун, палата өзгөрүүгө даяр эмес экенин кошумчалады.

Ал эми палатанын басма сөз кызматынан Сайдилкан шайлоодо программасын көрсөткөнүн, бирок бир кезде эле нааразылыгын айтып, залдан чыгып кеткенин айтышты «Клоопко».«Андан кийин добуш берүү уланды. Сайдилкан катышпай турганын жарыялаган эмес», — деп кошумчалашты ведомстводон.

Соода-өнөр жай палатасынын президенттик ордуна «Шумкар логистикалык компаниясынын» башкы директору Авазбек Керимбаев да ат салышмак, бирок өз каалоосу менен талапкерлигин алып салган.

Соода-өнөр жай палатасын 12 жыл башкарган мурдагы башчы Марат Шаршекеев ноябрдын аягында отставкага кеткен. Ал кызматынан өз каалоосу менен кеткен.

Соода-өнөр жай палатасы — Кыргызстанда ишкерлерди бириктирген көзкарандысыз уюм. Уюмда катталган ишкер тийиштүү лицензияларды, күбөлүктөрдү, өндүргөн продукциясын экспортко чыгаруу үчүн экспертиза ала алат. Учурда палатага 1200 чукул компания кирет.

Сариевге каршы кылмыш иши

2021-жылдын 3-августтунда Темир Сариевди УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу «Кумтөр» иши боюнча кармаган. Ал анда УКМКнын убактылуу кармоо изоляторуна киргизилген.

Анда Сариев экономика министри жана «Кумтөр Голд Компанинин» ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган кезде ишкана тарабынан экологияга келтирилген зыяндын өлчөмүн бир нече миллиард сомго кыскартканы маалымдалган. УКМК экс-премьер-министрдин иш-аракетинен мамлекеттке «эбегейсиз зыян» келтирилгенин белгилеген.

Саясатчынын адвокаттары айыптоолорду «сандырак» деп атаган. Сариев өзү абакта минкабдын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы Динара Кутманованын «жалган көрсөтмөсүнөн улам отурам» деп билдирген.

Өткөн жылдын 20-ноябрында саясатчы эч жакка кетпөө жөнүндөгү тил каттын негизинде бошотулган.