Темир Сариев: Кумтөр боюнча чечим кабыл алып, мамлекетке зыян келтиргендер боштондукта

Темир Сариев

«Кумтөр иши» боюнча кармалып, УКМКнын ТИЗОсунда отурган экс-премьер-министр Темир Сариев 19-августта коомчулукка кайрылып кат жазды. Анда Сариев абакта минкабдын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы Динара Кутманованын «жалган көрсөтмөсүнөн улам отурам» деп билдирди.

Ошондой эле ал өзү жетектеген мамкомиссия «Кумтөр» долбоорун «тыкыр иликтегенин», элдин алдында «абийири таза экенин» белгиледи.

*УКМК Сариевди 3-августта кармаган. Атайын кызматтын версиясы боюнча, Сариев экономика министри жана «Кумтөр Голд Компанинин» ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган кезде ишкана тарабынан экологияга келтирилген зыяндын өлчөмүн бир нече миллиард сомго кыскарткан.

«Кылмыш иштер мен жетектеген комиссиянын кортундусунун негизинде козголду»

Сариев катында ал 2012-жылы жетектеген комиссия 25 кишиден турганын, кандай иштерди жасап, кандай корутундуларды чыгарганын жазды. Анын айтымында, «комиссиянын иши регламенттин негизинде болуп, отурумдар ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда жана КТРКнын түз көрсөтүүсү менен гана өткөн».

Ошондой эле ал өзүнө каршы көрсөтмө берди деген Динара Кутманова да жергиликтүү эксперт катары «курамга кирген» дейт.

«Жооптуу адамдар башкарышып, текшерүү иштерин өздөрү уюштуруп, ачык, айкын, кылдат текшеришкен. Жыйынтык корутундуну өздөрүнүн отурумунда чыгарышкан. Алардын иштерине эч ким кийлигишкен эмес. Мамлекеттик комиссия “Кумтөр” долбоорунун 1992-жылдан баштап 2011-жылга чейинки иштерин кылдат, толук текшерип чыккан», — деди Сариев.

Мындан улам экс-премьер «“Кумтөр” боюнча кылмыш иштер мен жетектеген комиссиянын иликтөөсүнүн кортундусунун негизинде козголду» деп билдирди. Ошондой эле ал «Кумтөр» боюнча позициямды коомчулук билет деп кошумчалады.


«Мен ар бир адамдын көзүнө тик карап, “Кумтөр” маселесин ачык кылып, эмнени текшерип чыксак, толук бердик деп тайманбай айта алам. Ушунун баарын ачыкка чыгарган адам камакта, ал эми [Кумтөр боюнча] чечим кабыл алып мамлекетке зыян келтирген адамдар боштондукта. Менин элимдин, үй-бүлөмдүн алдында абийирим таза. Чындык жеңет», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.


«Кумтөр иши»

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 17-майда Кумтөр кенине байланыштуу төрт сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын кабарлаган.

Алардын бири «Кумтөр Голд Компани» ишканасы экологиялык талаптарды сактабаганы боюнча. Калган үч иш алтын казуучу компания менен келишимдерди түзгөн, салык жана милдеттүү төлөмдөрдөн бошоткон, ошондой эле «Кумтөр Голд Компаниге» чалгындоо жүргүзүү үчүн кошумча жер тилкелерди берген жогорку кызматтагы адамдарына карата козголгон.

Атайын кызмат «Кумтөр иши» боюнча экс-премьер-министрлер Мухаммедкалый Абылгазиев, Өмүрбек Бабанов жана Темир Сариев, экс-вице-премьерлер Тайырбек Сарпашев, Алмазбек Баатырбеков, депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Исхак Пирматов, Талантбек Узакбаев, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев жана «Кыргызпатенттин» мурдагы башчысы Динара Молдошеваны кармаган.

Кармалгандардын ичинен Сарпашев, Пирматов, Молдошева жана Абылгазиев тергөө абагынан чыгарылышкан. Өмүрбек Бабанов чет өлкөгө дарылануу үчүн Кыргызстандан чыгып кетти. Ал эми Биринчи май райондук соту экс-депутат Талантбек Узакбаевди «Коррупцияга» күнөөлүү деп таап, 300 миң сом айып пул салган.

Мындан тышкары, атайын кызмат Кыргызстандын бозгун президенттери Курманбек Бакиев менен Аскар Акаевге издөө жарыялаган. Ошондой эле издөө Бакиевдин уулу Максимге жана кенди иштетүү келишимдерине байланышы бар бир катар мурдагы аткаминерлерге жарыяланган.

Ал эми 2-августта Аскар Акаев Кыргызстанга келип, УКМКга сурак берип чыккан. Мурдагы президент сурактан чыккандан кийин «Кумтөр» маселеси боюнча көрсөтмө берүү үчүн бир жумага келгенин, иш менен жаңыдан гана таанышып жатканын айткан.

Кийинчерээк Акаев Кумтөрдөгү алтынды өндүргөн канадалык Centerra Gold Inc. менен келишим түзүлүп жатканда ал өкмөттүн аракеттерине көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн кечирим сураган. Ал эми депутат Дастан Бекешев мурдагы президенттин билдирүүсүнө комментарий берип, Кумтөр боюнча жоопкерчиликти «маркумга жүктөө оңой» деп айткан.