Factcheck: Мамлекеттик мекемелер 1,4 млн сомго аба тазалоочу аппараттарды сатып алган

Factcheck.kg’нин журналисттери мамлекеттик мекемелер акыркы бир нече жыл ичинде аба тазалоочу аппараттарга дээрлик 1,4 млн сом коротконун аныкташты.

Алардын маалыматына ылайык, биринчилерден болуп аба тазарткычтарды 2017-жылы эле 41 миң сомго Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы сатып алган.

2019-жылы Юстиция министрлиги Panasonic F-VXR50R-K үлгүсүндөгү аба тазарткычты сатып алууга 39,8 миң сом сарптаган.

2020-жылы «Мегаком» уюлдук операторуна ээлик кылган «Альфа Телеком» Xiaomi компаниясынан 54,5 миң сомго 5 аба тазарткыч сатып алган. Ошол эле жылы Бишкек гуманитардык университети (БГУ) да 72 миң сомго 5 даана ошондой эле жабдык алган.

Алардан тышкары бул аппараттарды Мамлекеттик кадр кызматы менен Республикалык сертификациялоо борбору да сатып алган.

Бирок бул максатка баарынан да медициналык мекемелер көп акча сарптаган — Чүй жана Сокулук аймактык ооруканалары буга 200-300 миң сом бөлүшкөн. Аба тазарткычтарды башка ооруканалар да, анын ичинде мектеп жана бала бакчалар үчүн ар башка айыл өкмөттөр да сатып алышкан.

Factcheck’тин журналисттери 2019-жылдан тартып 2022-жылга чейин аба тазарткычтарга делген каражаттын суммасы 1,4 млн сомду түзгөнүн жазышты. Ошол эле кезде алар сатып алынган жабдыктардын саны жетишсиз экенин, себеп дегенде бир аба тазалоочу жабдык болгону 80 чарчы метрге эле ылайыкталганын айтышты.

Бишкектеги ыш

Жыл сайын күн сууп баштаганда Бишкекте абанын сапаты начарлап, тургундар ыштан жабыркайт. Ошондой эле Кыргызстандын борбору бир нече жылдан бери абанын булганышы боюнча дүйнөлүк рейтингде алдыңкы саптарда келе жатат. Бирок бийлик ыш менен күрөшүү үчүн алгылыктуу чечимдерди кабыл ала элек.

Ошондой эле, ЮНИСЕФ «Абанын булганышынын Бишкектеги аялдар жана балдардын ден соолугуна жана жашоосунун социалдык аспектисине тийгизген таасири» деген аталыштагы изилдөө жарыялаган.

Изилдөөгө ылайык, 2021-жылдын 1-июлунан тарта 2022-жылдын 30-июнуна чейин ыштын таасири 112 кишинин өлүмүнө алып келген. Саламаттык сактоо министрлигинен мындай сандар боюнча күмөнү бар экенин, жана так маалыматтарды сурап ЮНИСЕФке кайрылышканын айтып жооп беришкен.

12-декабрда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкектеги ыш көйгөйүн чечүү үчүн БУУдан 6,7 млрд доллар өлчөмүндө грант сураганы белгилүү болгон. Ошондой эле бийлик электр энергиясын импорт кылууга 25 млн доллар насыя алууну көздөп жатат.