«Мен Аллахтын алдында акмын». Актёр Чыңгыз Мамаев президентке абактан кат жазды

Чыңгыз Мамаев

Зордуктоого шектелип, камакка алынган актёр Чыңгыз Мамаев президент Садыр Жапаровго абактан кат жазып, тергөө иштерин жеке көзөмөлүнө алууну суранды. Катты Kaktus.Media басылмасына Мамаевдин адвокаты тапшырган.

Катта актёр тергөө мыйзам бузуулар менен өтүп жатканын айтып, үй камагына чыгарууну же болбосо сот иштерин тездетүүнү суранды.

«Мен ушул убакка чейин бир да жолу мыйзам бузган эмесмин. Тергөө мыйзам бузуулар менен өтүп жатат. Айрым учурда соттук отурум менин катышуумсуз эле өтүүдө. Мени шылдыңдап, акча талап кылган учурлар да болду»,— деп жазды актёр.

Аны менен катар, Мамаев учурда ден соолугу начарлаганын, үй-бүлөсү дагы оор абалда экенин кошумчалады.

Чыңгыз Мамаев президентке жазган катында кыргыз маданияты үчүн «алдыда кыла турган зор кызматы бар экенин, келечекке бийик чыгармачылык максаттары болгонун» айтып, Жапаровдон ишти өз көзөмөлүнө алууну суранды.

«Урматтуу кыргыз элим, Садыр Нуркожоевич, мен Аллахтын алдында акмын деп ишеничтүү айта алам», — деп жыйынтыктаган Мамаев. 

Чыңгыз Мамаевдин камакка алынышы

Үстүбүздөгү жылдын март айында актёр Чыңгыз Мамаев чет элдик аялды зордуктоого шектелип кармалган. Алгач ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу изоляторуна киргизилген. Кийин Свердлов райондук соту Мамаевди 30-августка чейин ТИЗО-1ге камакка алган.

Кийин Мамаевдин жубайы Элмира Тагаева жолдошуна коюлган айыптарды негизгиз деп айтып чыккан. Тагаеванын айтымында, күйөөсүнө сабап, мыкаачылык менен зордуктаган деген айып тагылган, ал эми экспертизанын жыйынтыгында Мамаевден био-материал табылган эмес.

Үстүбүздөгү жылдын 6-декабрь күнү Чыңгыз Мамаевдин кылмыш иши Свердлов райондук соту тарабынан кайрадан тергөөгө жөнөтүлгөн.

Мындай 22-ноябрда «Тергөөнүн кемчиликтерин толуктоо үчүн» кабыл алынган.

Театр жана кино актёр Чыңгыз Мамаев 2012-жылы акын Алыкул Осмонов тууралуу тартылган «Мезгил Жана Алыкул» аттуу биографиялык тасмада башкы каармандын ролун аткарган.

Автору: Насикат Жыргалбекова

ТЕМА БОЮНЧА:

Актёр Чыңгыз Мамаевдин кылмыш иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү