Арслан Койчиев кайрадан президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

Алтынбек Жумаев жана Арслан Койчиев

Президенттин кеңешчиси болуп иштеп келген Алтынбек Жумаев кызматтан кетти. Анын ордуна тарыхчы Арслан Койчиев өлкө башчынын кеңешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Садыр Жапаров 20-декабрда кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы Жумаевдин кызматтан кетишин анын башка ишке өткөнү менен түшүндүрдү. Бирок анын кайсыл кызматка дайындалганын ачыкташкан жок.

Ал эми Арслан Койчиев 2021-жылы дагы президенттин кеңешчиси болуп эмгектенген. Ал 2022-жылдын июнь айында кызматтан кетип, Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары болуп дайындалган.

Койчиев Лондон университетинин Чыгыш таануу жана Африканистика мектебин аяктап, BBC кыргыз кызматынын редакциясында продюсер болуп иштегени белгилүү. Ошондой эле, ал тарых илимдеринин кандидаты, Кыргызстандын Тарыхчылар коомунун мүчөсү.

Арслан Койчиевдин жубайы Акчолпон Койчиева (мурдагы фамилиясы Касмамбетова) мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун бир тууганы болот.

Жапаров Касмамбетовду бул кызматка 2021-жылдын октябрында дайындаган.

Президенттин кеңешчилери

Азыркы тапта президенттин эки кеңешчиси тууралуу белгилүү. 65 жаштагы Чолпонбек Абыкеев кызматка үстүбүздөгү жылдын июнь айында дайындалган. Ал өлкөдө жазуучу, журналист катары да таанымал. Октябрдагы окуялардан кийин ал министрлер кабинетинин кеңешчиси болгон.

Абыкеев ар кандай мамлекеттик кызматтарда иштеген. Ал эми качкын президент Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда президенттин аппаратынын коомчулук менен байланыш бөлүмүн жетектеген.

Мындан сырткары «Бриллант жылан», «Качкын», «Кара илбирс» сыяктуу чыгармалары менен элге таанылып, «Аалам» гезитинин негиздөөчүсү жана башкы редактору болгон.

Жапаров үстүбүздөгү жылдын 29-ноябрында Сталбек Ахунбаевди коомдук башталгычтагы кеңешчиси кылып дайындаган. Сталбек Ахунбаев легендарлуу хирург Иса Ахунбаевдин небереси. Кесиби боюнча Ахунбаев — хирург-онколог, медицина илимдеринин доктору, профессор.

Ал эми Чолпонбек Абыкеевге дейре президенттин кеңешчиси болуп Равшанбек Сабиров иштеп келген.

Ал президентке кеңешчи болордон мурда, 2021-жылдын февралында вице-премьер-министр болуп иштеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Абыкеев президенттин кеңешчиси, ал эми Касмамбетов мамлекеттик катчы болду

Сталбек Ахунбаев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды