Сталбек Ахунбаев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

Сталбек Ахунбаев.

Сталбек Ахунбаев президенттин коомдук башталгычтагы кеңешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров 29-ноябрда кол койду.

Ал буга чейин Бишкектеги эл аралык медицина мектебинин директору болуп иштеп келген. Сталбек Ахунбаев легендарлуу хирург Иса Ахунбаевдин небереси.

Кесиби боюнча Ахунбаев — хирург-онколог, медицина илимдеринин доктору, профессор. Ал Бишкек шаарындагы №24 мектепти алтын медаль менен бүтүрүп, Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун кызыл диплом менен аяктаган.

Президенттин кеңешчилери

Азыркы тапта президенттин эки кеңешчиси тууралуу белгилүү. 65 жаштагы Чолпонбек Абыкеев кызматка үстүбүздөгү жылдын июнь айында дайындалган. Ал өлкөдө жазуучу, журналист катары да таанымал. Октябрдагы окуялардан кийин ал министрлер кабинетинин кеңешчиси болгон.

Абыкеев ар кандай мамлекеттик кызматтарда иштеген. Ал эми качкын президент Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда президенттин аппаратынын коомчулук менен байланыш бөлүмүн жетектеген.

Мындан сырткары «Бриллант жылан», «Качкын», «Кара илбирс» сыяктуу чыгармалары менен элге таанылып, «Аалам» гезитинин негиздөөчүсү жана башкы редактору болгон.

Жапаров үстүбүздөгү жылдын 3-февралда өзүнүн кеңешчиси кылып тарыхчы Арслан Койчиевди дайындаганы белгилүү. Койчиев Лондон университетинин Чыгыш таануу жана Африканистика мектебин аяктап, BBC кыргыз кызматынын редакциясында продюсер болуп иштегени белгилүү. Ошондой эле, ал тарых илимдеринин кандидаты, Кыргызстандын Тарыхчылар коомунун мүчөсү.

Мындан тышкары, Койчиев президенттин аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетовдун тууганы экени белгилүү. Жапаров Касмамбетовду бул кызматка президенттин милдетин аткарып жатканда, 2020-жылдын октябрында дайындаган.

Арслан Койчиевдин жубайы Акчолпон Койчиева (мурдагы фамилиясы Касмамбетова) президенттин аппаратын жетектеген Сүйүнбек Касмамбетовдун бир тууганы болот. Алардын атасы Сапарбек Касмамбетов белгилүү манасчы жана акын болгон — ал узакка созулган ооруга байланыштуу 2020-жылдын 19-январында каза болгон.

Чолпонбек Абыкеевге дейре президенттин кеңешчиси болуп Равшанбек Сабиров иштеп келген.

2013-жылы социалдык өнүктүрүү министри болуп турган учурунда бала асырап алуу үчүн лицензия берүүдө «пара опузалаган» деп айыпталып, кылмыш иши козголгон. Бишкек шаардык соту анын мүлкүн конфискациялап, беш жылга эркинен ажыраткан.

Ошол эле жылы Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Бирок 2014-жылы сот Сабировду Адам укуктары боюнча декларациянын 65 жылдыгына карата мунапыс менен бошоткон. 2021-жылдын май айында Жогорку сот Сабировдун өкүмдөрүн жокко чыгарган.

Ал прездинтке кеңешчи болордон мурда, 2021-жылдын февралында вице-премьер-министр болуп иштеген.

Тема боюнча:

Абыкеев президенттин кеңешчиси, ал эми Касмамбетов мамлекеттик катчы болду